суббота, 30 июля 2016 г.

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ



Көпчүлүк адамдар «терең ой жүгүртүү» үчүн башын эки колдоп мыжыгуу, бир бөлмөгө, ал тургай бир тефеккүр (терең ойлонуу) бөлмөсүнө кирип, бардык адамдардан жана окуялардан өзүн сыйрып, бөлүп алуу керек деп ойлойт. Ал тургай «терең ой жүгүртүүнү» ушунчалык татаал элестетет да, «менин күчүм жетпейт» жана муну жалаң гана «ойчулдарга» тиешелүү бир өзгөчөлүк деп ойлойт.
Чындыгында болсо китептин кириш бөлүмүндө да айтылгандай, Аллах адамдарды ойлонууга чакырат жана «(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана таза акыл ээлери кеңеш алышсын деп сага (Биз) түшүргөн мубарек бир китеп» (Сад Сүрөсү, 29) аяты менен Куранды адамдар ойлонсун үчүн түшүргөндүгүн билдирет. Негизги нерсе – адамдын ойлонуу мүмкүнчүлүгүн чын жүрөктөн өнүктүрүшү, ой жүгүртүү багытында тереңдешүүсү.
Бул багытта аракет кылбаган адамдар болсо жашоолорун терең бир капылеттик (караңгылык) ичинде өткөрүшөт. Капылет сөзү – «унутпастан (эсинде болсо да) маани бербөө, таштоо, жаңылуу, көңүл бурбоо» сыяктуу маанилерге ээ. Ой жүгүртпөгөн адамдардын капылет ичиндеги абалы – жаратылуу максаттарын жана дин билдирген чындыктарды унутуунун же аларга билип туруп маани бербөөнүн бир натыйжасы. Бирок, бул – бир адам үчүн абдан кооптуу жана аягы тозокко баруучу бир жол. Аллах адамдарды капылет калбоосу үчүн мындайча эскертет:

Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара жана терең терең эсте (зикир кыл). Капылет калгандардан болбо. (Араф Сүрөсү, 205)

Иш өкүм чыгарылып бүтө турган, бушаймандык күнү жөнүндө аларды эскерт; алар бир капылеттик ичинде жана алар ишенишпейт. (Мерйем Сүрөсү, 39)

Куранда ой жүгүртүп, жүрөгү (чын көңүлү) менен чындыктарды көргөн жана ушундан улам Аллахтан коркуп сактанган адамдар жөнүндө сөз кылынат. Эч ойлонбостон, далилге таянбастан бир үрп-адат, салт сыяктуу ата-бабаларынан көргөндөрүн жасагандардын болсо жаңылып калаарынан кабар берилет. Бул адамдардан суралганда, алар динге, Аллахка ишенгендиктерин айтышат. Бирок, алар ойлонбогондуктан, Аллахтан коркуп сактануу менен өздөрүн оңдошпойт. Төмөнкү аяттарда бул адамдардын ойлору мындайча баяндалат:

Айт: «Эгер билсеңер (айткыла:) Жер жүзү жана андагы нерселер кимдики?»
«Аллахтыкы» деп айтышат. Айт: «Дагы эле кеңеш (сабак) алып, ойлонбойсуңарбы?»
Айт: «Жети асмандын Раббиси (Жаратуучусу) жана улук Арштын Раббиси ким?»
«Аллах» дешет. Айт: «Дагы эле (күнөөлөрдөн) сактанбайсыңарбы?»
Айт: «Эгер билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин мелекуту (мүлк жана башкаруусу) кимдин колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт (коргоого муктаж эмес).»
«Аллахтын колунда» дешет. Айт: «Андай болсо, кантип мындайча сыйкырланып калуудасыңар?»
Жок, Биз аларга чындыкты алып келдик, бирок алар чындыгында жалганчылар. (Мүминун Сүрөсү, 84-90)


Ой жүгүртүү адамдардын үстүндөгү сыйкырды жок кылат


Аяттарда Аллах адамдардан «Андай болсо, кантип мындайча сыйкырланып калуудасыңар?» деп суроодо. Аяттагы сыйкыр (же гипноз) сөзү адамдарды жалпылай таасири астына алган «мээ уктоосуна» (көздүн чындыкты байкабай калышына) ишарат кылууда. Ойлонбогон адамдын акылы «уктайт», көрүүсү бозорот, башкача айтканда, көз алдындагы чындыктарды көрбөгөн сыяктуу мамиле кылат, аңдап-түшүнүү күчү алсыздайт. Абдан ачык бир нерсени да түшүнө албаган бир абалга келет. Жанында болуп жаткан таң калыштуу окуяларды аңдай албайт. Окуялардын татаал тараптарын (сырларын) байкай албайт. Адамдардын миңдеген жылдар бойу капылет ичинде калууларынын, бир-бирлерине мурас катары калтырган «жалпылай түрдө терең ойлонуудан алыс калууларынын» булагы – ушул «мээнин, акылдын уктоосу» болууда.
Мындай жалпылай гипноздун таасирлеринин бирин мындай мисал менен түшүндүрүүгө болот:
Жердин асты толугу менен «магма» деп аталган бир «от катмарынан» турат. Жердин кабыгы (үстүңкү бети) болсо абдан ичке, башкача айтканда, бул от бизге абдан жакын, дээрлик бутубуздун эле астында. Жердин кабыгынын канчалык ичке экендигин түшүнүү үчүн мындай салыштыруу жасоого болот: жер жүзүнүн кабыгынын жерге салыштырмалуу калыңдыгы – бир алма кабыгынын алмага салыштырмалуу калыңдыгы сыяктуу.
Жердин астында эле абдан жогорку температурада кайнаган бир катмар бар экендигин баарыбыз билебиз, бирок адамдар бул жөнүндө көп ойлонушпайт. Себеби бул адамдардын ата-апалары, бир туугандары, туугандары, достору, коңшулары, гезит жазуучулар, телевизор программасын даярдап сунуучулар, университеттеги мугалимдери да бул жөнүндө ой жүгүртүшпөйт.


Биз сизди бул темада бираз ойлондуралы. Бир адамды «эс-тутумун жоготуп (амнезия болуп), айыкты жана айланадагы адамдардан суроо аркылуу айлана-чөйрөсүн таанып жатат» деп элестетели. Бул адам алгач каерде экендигин сурайт. Ага «сен турган жердин астында эле оттон кайнап турган бир тегерек катмар бар, катуу бир жер титирөө болсо же бир вулкан жарылса, бул оттор жер бетине чыгышы мүмкүн» деп айтылса, ал эмне деп ойлойт? Алдыга дагы илгерилейли. Бул адамга «дүйнө кичинекей бир планета жана космос деп аталган чеги билинбеген бир караңгы боштукта учуп баратат» деп да айтылды дейли. Космос дүйнөнүн астыңкы катмарына (магмага) караганда абдан чоң кооптуулук жаратууда. Мисалы, тонналаган оордуктагы метеорит, астероиддер асманда бош учуп жүрүүдө. Булардын дүйнөгө багытталбашы жана дүйнөгө урунбашы үчүн эч кандай себеп жок.
Албетте, бул адам ичинде болгон кооптуу абалды бир секунда да акылынан чыгарбайт. Мындай «пахта жибине илинген» бир чөйрөдө адамдардын кантип жашап жаткандыгын изилдейт. Жана кемчиликсиз бир системанын жаратылгандыгын байкайт. Ал турган планетанын ичи чоң бир коркунучтуу катмардан турат, бирок бул коркунучтун адамдарга зыян бериши да абдан так тең салмактуулуктар менен тосулган. Муну байкаган адам дүйнөнүн жана дүйнөдөгү бардык жандыктардын Аллахтын каалоосу менен, Ал жараткан кемчиликсиз бир тең салмактуулук менен гана жашап жаткандыгын жана коопсуздук ичинде жашоолорун улантып жаткандыгын түшүнөт.
Бул мисал – адамдар ойлонушу керек болгон миллиондогон, балким ал тургай, миллиарддаган нерселердин жалгыз бири гана. Капылеттин адамдардын ой жүгүртүп, аңдап-түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир бергендигин, адамдын мээ иштетүү мүмкүнчүлүгүн кандайча чектегендигин түшүнүү үчүн дагы бир мисал берели.
Адамдар дүйнө жашоосунун абдан бат өтүп кетээрин билүүдө, бирок буга карабастан, бул дүйнөдөн эч өтпөчүдөй мамиле кылышат. Бул дүйнөдө өлүм жок сыяктуу жүрүшөт. Бул дагы урпактан урпакка берилген бир «сыйкыр» (гипноз). Ал тургай мунун ушунчалык күчтүү бир таасири бар болгондуктан, бир адам өлүм жөнүндө сөз кылса, адамдар үстүлөрүндөгү гипноздун бузулушунан жана чындыктарга жолугуудан абдан коркуу менен сөздү ылдам башкага бурушат. Бүтүндөй жашоосун жакшы бир үй, дача жана машина алуу, балдарын колледжде окутуу үчүн жумшаган адамдар бир күн келип өлөөрүн жана өзү менен кошо машина, үй же балдарын алып кете албасын ойлонгусу келбейт. Чечим катары - өлүмдөн кийинки чыныгы жашоо үчүн бир нерселер кылуу ордуна, ойлонбой койууну тандашат.
Бирок, ар бир адамдын эртеби-кечпи бир күн өлөөрү чындык. Жана өлгөндөн кийин ыйман келтирген жана келтирбеген ар бир адам үчүн түбөлүк жашоо башталат. Бул түбөлүк жашоонун бейиште же тозокто болушу ушул кыска дүйнө жашоосунда жасагандарына жараша болот. Мынчалык ачык чындык бар туруп, адамдардын өлүм жок сыяктуу жашоого мамиле кылуусунун жалгыз себеби – ой жүгүртпөгөндүгүнүн натыйжасында аларды курчап алган бир гипноз.
Бирок, дүйнө жашоосунда ойлонуу менен өзүн бул гипноздон, башкача айтканда, капылет абалынан куткара албаган адамдар өлгөндөн кийин чындыктарды өз көздөрү менен көрүп түшүнүшөт. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча баяндайт:

Ант болсун, сен мындан капылетте элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосукту ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана. (Каф Сүрөсү, 22)

Айтта да белгиленгендей, ой жүгүртпөгөндүктөн улам жакшы байкабаган адамдын көрүү күчү өлгөндөн кийин акыретте эсеп берип жатканда «дааналашат».
Белгилеп койчу жагдай, адамдар «билип туруп» өздөрүн  мындай гипнозго киргизишүүдө. Мындай жол менен бейпил жашайм деген ой менен ушундай кылышууда. Чындыгында болсо, адамдын бир заматта чечим кабыл алып, үстүндөгү бул «акыл уйкусунан» кутулуп, ачык аңдап-байкоо менен жашоого башташы абдан оңой. Аллах мындан чыгуунун жолун адамдарга көрсөткөн; ой жүгүрткөн адамдар бул гипнозду бул дүйнөдө жашап жаткан кезинде үстүлөрүнөн алып сала алышат. Натыйжада окуялардын бир максаты жана ич тарабы бар экендигин түшүнөт жана Аллах тарабынан тынымсыз жаратылып жаткан хикматтарды (терең акылды) байкай алышат.


Адам ар убак, ар кайсы жерде ойлоно алат


Ой жүгүртүүнүн убактысы, орду жана шарттары жок. Адам жолдо баратып, жумушка баратып, машина айдап баратып, компьютерде иштеп жатып, бир достор чогулушунда отуруп, телевизор көрүп жатып, тамак ичип жатып ойлонушу мүмкүн.
Мисалы, машина менен баратып сыртта жүздөгөн адамдарды көрүүгө болот. Бул адамдарды караган адам ар кандай нерселерди ойлошу мүмкүн. Көзүнө көрүнгөн жүздөгөн адамдардын келбетинин бир-биринен толугу менен айырмалуу экендиги акылына келиши мүмкүн. Бул адамдардын бири экинчисине эч окшобойт. Адамдар негизинен көз, каш, кирпик, кол, бут, ооз, мурун сыяктуу бирдей органдарга ээ болгонуна карабастан, бири-биринен толугу менен айырмалуу болушу таң калыштуу нерсе. Адам ой жүгүртүүнү улантса, төмөнкү нерсе акылына келет:
Аллах миңдеген жылдар бойу миллиарддаган адамдарды бири-биринен толугу менен айырмалуу кылып жараткан. Шек жок, бул Аллахтын апачык бар экендигинин жана жогорку жаратуу чеберчилигинин далилдеринин бири.
Мынчалык көп адамдардын бир жерге жетүүгө аракет кылып жатканын карап турган адамдын ойуна башка ойлор келиши да мүмкүн. Бир караганда бул адамдардын ар бири «өзүнчө» бир адам катары көрүнөт. Ар биринин өзүнө тиешелүү бир дүйнөсү, каалоолору, пландары, жашоо стилдери, сүйүнтө турган жана кайгырта турган окуялар, хоббилери бар. Бирок бул айырмачылыктар жаңылтуучу. Себеби, жалпысынан ар бир адам төрөлөт, чоңойот, мектепке барат, жумуш издейт, иштейт, үйлөнөт, балалуу болот, баласын мектепке жөнөтөт, баласын үйлөнтөт, картайат, чоң ата, таята же чоң эне, таене болот жана өлөт. Башкача айтканда, бул тараптан караганда, адамдардын жашоосу арасында көп айырма жок. Бир адамдын Стамбулдун бир жеринде же Мексиканын бир шаарында жашап жатышынын көп деле айырмасы жок. Бул адамдардын ар бири сөзсүз бир күн өлөт; ал тургай 100 жылдан кийин бул адамдардан балким бирөөсү да бул жашоодо калбайт. Демек, муну түшүнгөн адам ой жүгүртүүсүн улантат жана өзүнө мындай суроолорду узатат: «Бир күн баарыбыз өлө турган болсок, эмне үчүн элдин баары бул дүйнөдөн эч өтпөй тургандай мамиле кылышууда? Өлөөрүн так билген бир адам өлүмдөн кийинкиси үчүн аракет кылышы зарыл болгонуна карабастан, кандайча адамдардын абдан көп бөлүгү бул дүйнө жашоосу эч түгөнбөчүдөй мамиле кылышууда?»
Дал ушул адам – ой жүгүрткөн жана ойлонуу натыйжасында абдан маанилүү жыйынтык чыгара алган адам.
Бирок адамдардын көпчүлүгү бул нерселерди көп ойлонушпайт. Кокусунан «азыр эмне ойлонуп жатасың?» деп суралса, эч керексиз жана өздөрүнө эч канча пайда алып келбей турган нерселерди ойлонуп жаткандыгы белгилүү болот. Чындыгында болсо, адам ойгонгондон уктаганга чейинки мөөнөт бойу ар дайым «маанилүү», «хикматтуу», «негизги» нерселер жөнүндө ой жүгүртүп, андан жыйынтык чыгарышы мүмкүн.
Аллах Куранда момундардын ар кандай шартта ой жүгүртөөрүн жана бул ойлордон пайда бере турган жыйынтыктар чыгараарын мындайча билдирет:

Шек жок, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Ал-и Имран Сүрөсү, 190-191)

Аятта да билдирилгендей, момундар ой жүгүрткөн адамдар болгондуктан, жаратылыштагы таң калыштуу, укмуштуу тараптарды көрө алышат жана Аллахтын күчүн, илимин жана акылын элестетип, аңдай алышат.


Чын көңүлдөн жана Аллахка багытталуу менен ойлонуу


Ой жүгүртүүнүн бир адамга пайда алып келиши, аны туура жыйынтыкка жеткириши үчүн адам дайыма оң тараптуу ойлонушу зарыл. Мисалы, бир адам өзүнөн абдан сулуу бирөөнү көргөндө, бул адамдын сулуулугун ойлонуп, өзүнүн кемчиликтеринен кемсинсе же көңүлүндө кызганыч жаралса, бул Аллах ыраазы болбой турган бир ой болот. Бирок, Аллахты ыраазы кылуу максатын көздөгөн адам бул адамдын сулуулугун Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун бир көрүнүшү катары кабыл алат. Бул адамга Аллах жараткан бир сулуулук катары карагандыктан, мындан чоң бакыт сезет. Акыретте Аллахтын бул адамдын сулуулугун артырышы үчүн дуба кылат. Ошондой эле, өзү үчүн да Аллахтан акыретте чыныгы жана түбөлүккө чейин улануучу бир сулуулук сурайт. Дүйнөдө адамдын эч качан кемчиликсиз боло албашын, себеби дүйнөнүн сыноонун шарты катары кемчиликтер менен бирге жаратылганын ойлонот. Бейишке болгон сагынычы өсөт. Шек жок, бул чын жүрөктөн ойлонуунун бир гана мисалы. Адам жашоосу бойунча бул сыяктуу көптөгөн окуяларга кабылат. Бул окуялар учурунда Аллах ыраазы боло турган бир ахлак, аракет кылып-кылбашы менен сыналат.


Албетте сыноодон ийгиликтүү өтүү жана ой жүгүртүүдөн өзүнө акырети үчүн бир сооп алышы, адамдын ой жүгүрткөн нерселерден кеңеш алышына байланыштуу. Бул үчүн адам дайыма чын, таза жүрөктөн ойлонушу зарыл. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:


Ал силерге аяттарын көрсөтөт жана силер үчүн асмандан ырыскы түшүрөт. Чын көңүлдөн (Аллахка) багытталгандан башкасы кеңеш алып-ойлонбойт. (Мүмин Сүрөсү, 13)


Комментариев нет:

Отправить комментарий