суббота, 30 июля 2016 г.

КИРИШҮҮ


Бул дүйнөгө келээрден мурда жок экениңизди жана жоктуктан бир учурда бар болуп, жаралганыңызды ойлондуңуз беле?
Бөлмөңүздө ар күнү көргөн гүлүңүздүн капкара, ылай топурактан кандайча болуп сонун жыт жана көркөм түстүү абалда чыккандыгын ойлондуңуз беле?
Чөйрөңүздө учуп сиздин тынбай тынчыңызды алып жаткан чымындын канаттарын кандайча биз көрө албай турган ылдамдыкта кагып жаткандыгын ойлондуңуз беле?
Банан, дарбыз, коон, апельсин кабыктарынын сапаттуу таңгак (орогуч) милдетин аткаргандыгын, бул мөмөлөрдүн даам жана жытынын сакталышы үчүн атайын ушундай орогучка оролгондугун ойлондуңуз беле?
Түнкүсүн сиз уктап жатканда, кокусунан болчу бир жер титирөөнүн сиз жашаган шаарды, үйүңүздү, жумуш ордуңузду жер менен жексен кылышы, дүйнөдө ээ болгон бардык нерсеңизди бир канча секунда ичинде жоготушуңуз мүмкүн экендигин ойлондуңуз беле?
Жашооңуздун бат ылдамдык менен өтүп кетээрин, бир күн алсыз болуп картайышыңызды, сулуулугуңуз, ден-соолугуңуз, күч-кубатыңызды акырындан жоготооруңузду ойлондуңуз беле?
Бир күн, эч күтпөгөн бир учурда Аллах милдеттендирген өлүм периштелерине жолугуп, бул дүйнө менен кош айтышаарыңызды ойлондуңуз беле?
Адамдардын кыска бир мөөнөттө артка калтыра турган бир дүйнөгө эмне үчүн мынчалык берилип, байлангандыгын жана негизги иш-аракетинин акыретке багытталышы керек экендигин ойлондуңуз беле?
Адам – Аллах жараткан жана ой жүгүртө алуу мүмкүнчүлүгүн берген бир жандык. Бирок, көптөгөн адамдар бул абдан маанилүү мүмкүнчүлүктү максатка ылайык колдонушпайт. Ал тургай, «эч ойлонбойт» деп айтууга боло турган адамдар да бар.
Чындыгында болсо, ар бир адам өзү да элестете албаган ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Адам бул мүмкүнчүлүгүн колдонуп баштаганда, ал күнгө чейин байкабаган көптөгөн чындыкты көрөт. Терең ой жүгүрткөн сайын ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгү өсөт жана бул нерсе бүт адамдарга тиешелүү. Эң негизги нерсе – адамдын «ойлонушу (ой жүгүртүшү) зарыл экендигин» байкоосу.
Колуңуздагы бул китептин жазылуу максаты - «талап кылынган багытта ой жүгүртүүгө» чакыруу жана «талап кылынган багытта ой жүгүртүүнүн» жолдорун көрсөтүү. Себеби, ойлонбогон адам чындыктардан толугу менен алыста калат, жаңылуулар жана туура эмес нерселер ичинде өмүрүн өткөрөт. Мунун натыйжасында дүйнөнүн жаратылуу максатын жана өзүнүн бул дүйнөгө келүү максатын аңдай албайт. Чынында болсо, Аллах бардык нерселерди бир максат менен жараткан. Бул чындык Куранда мындайча билдирилет:

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды бир «ойун жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды жалаң гана чындык (хак) менен жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Духан Сүрөсү, 38-39)

Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле? (Мүминун Сүрөсү, 115)

Демек, ар бир адам алгач өзүнүн, андан кийин ааламда көргөн нерселердин жана жашоосу бойунча жолуккан ар бир окуянын жаратылуу максатын ойлонушу зарыл. Ойлонбогон бир адам чындыктарды өлгөндөн кийин гана, Аллахтын алдында эсеп берип жатканда түшүнөт, бирок эми абдан кеч калган болот.
Аллах Куранда ар бир адамдын эсеп күнү ойлонуп, чындыкты көрөөрүн мындайча билдирет:

Ал күнү тозок да жакындатылган болот. Адам ал күнү ойлонуп-эстейт, бирок (бул) эстөөдөн ага эмне пайда? (Ал) Айтат: «Аттиң, жашоом үчүн (мурдатан бир нерселер) алып келген болгонумда.» (Фежр Сүрөсү, 23-24)

Аллах бизге дүйнө жашоосунда мүмкүнчүлүк берип турганда, ой жүгүртүү жана алардан жыйынтык чыгаруу менен чындыктарды көрүү акырет жашообузда бизге чоң бир пайда алып келет. Ошол себептен, Аллах элчилери жана китептери аркылуу бардык адамдарды өздөрүнүн жана бардык ааламдардын жаратылуусу жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Аятта мындай баяндалат:


Өздөрүнүн нефстери жөнүндө ойлонушпайбы? Аллах асмандарды, жерди жана бул экөөсү арасындагы нерселерди чындык менен гана, жана белгиленген бир мөөнөт (ажал) менен жараткан. Чындыгында, адамдардын көбү Жаратуучуларына жолугаарына ишенишпейт. (Рум Сүрөсү, 8)


ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ



Көпчүлүк адамдар «терең ой жүгүртүү» үчүн башын эки колдоп мыжыгуу, бир бөлмөгө, ал тургай бир тефеккүр (терең ойлонуу) бөлмөсүнө кирип, бардык адамдардан жана окуялардан өзүн сыйрып, бөлүп алуу керек деп ойлойт. Ал тургай «терең ой жүгүртүүнү» ушунчалык татаал элестетет да, «менин күчүм жетпейт» жана муну жалаң гана «ойчулдарга» тиешелүү бир өзгөчөлүк деп ойлойт.
Чындыгында болсо китептин кириш бөлүмүндө да айтылгандай, Аллах адамдарды ойлонууга чакырат жана «(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана таза акыл ээлери кеңеш алышсын деп сага (Биз) түшүргөн мубарек бир китеп» (Сад Сүрөсү, 29) аяты менен Куранды адамдар ойлонсун үчүн түшүргөндүгүн билдирет. Негизги нерсе – адамдын ойлонуу мүмкүнчүлүгүн чын жүрөктөн өнүктүрүшү, ой жүгүртүү багытында тереңдешүүсү.
Бул багытта аракет кылбаган адамдар болсо жашоолорун терең бир капылеттик (караңгылык) ичинде өткөрүшөт. Капылет сөзү – «унутпастан (эсинде болсо да) маани бербөө, таштоо, жаңылуу, көңүл бурбоо» сыяктуу маанилерге ээ. Ой жүгүртпөгөн адамдардын капылет ичиндеги абалы – жаратылуу максаттарын жана дин билдирген чындыктарды унутуунун же аларга билип туруп маани бербөөнүн бир натыйжасы. Бирок, бул – бир адам үчүн абдан кооптуу жана аягы тозокко баруучу бир жол. Аллах адамдарды капылет калбоосу үчүн мындайча эскертет:

Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара жана терең терең эсте (зикир кыл). Капылет калгандардан болбо. (Араф Сүрөсү, 205)

Иш өкүм чыгарылып бүтө турган, бушаймандык күнү жөнүндө аларды эскерт; алар бир капылеттик ичинде жана алар ишенишпейт. (Мерйем Сүрөсү, 39)

Куранда ой жүгүртүп, жүрөгү (чын көңүлү) менен чындыктарды көргөн жана ушундан улам Аллахтан коркуп сактанган адамдар жөнүндө сөз кылынат. Эч ойлонбостон, далилге таянбастан бир үрп-адат, салт сыяктуу ата-бабаларынан көргөндөрүн жасагандардын болсо жаңылып калаарынан кабар берилет. Бул адамдардан суралганда, алар динге, Аллахка ишенгендиктерин айтышат. Бирок, алар ойлонбогондуктан, Аллахтан коркуп сактануу менен өздөрүн оңдошпойт. Төмөнкү аяттарда бул адамдардын ойлору мындайча баяндалат:

Айт: «Эгер билсеңер (айткыла:) Жер жүзү жана андагы нерселер кимдики?»
«Аллахтыкы» деп айтышат. Айт: «Дагы эле кеңеш (сабак) алып, ойлонбойсуңарбы?»
Айт: «Жети асмандын Раббиси (Жаратуучусу) жана улук Арштын Раббиси ким?»
«Аллах» дешет. Айт: «Дагы эле (күнөөлөрдөн) сактанбайсыңарбы?»
Айт: «Эгер билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин мелекуту (мүлк жана башкаруусу) кимдин колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт (коргоого муктаж эмес).»
«Аллахтын колунда» дешет. Айт: «Андай болсо, кантип мындайча сыйкырланып калуудасыңар?»
Жок, Биз аларга чындыкты алып келдик, бирок алар чындыгында жалганчылар. (Мүминун Сүрөсү, 84-90)


Ой жүгүртүү адамдардын үстүндөгү сыйкырды жок кылат


Аяттарда Аллах адамдардан «Андай болсо, кантип мындайча сыйкырланып калуудасыңар?» деп суроодо. Аяттагы сыйкыр (же гипноз) сөзү адамдарды жалпылай таасири астына алган «мээ уктоосуна» (көздүн чындыкты байкабай калышына) ишарат кылууда. Ойлонбогон адамдын акылы «уктайт», көрүүсү бозорот, башкача айтканда, көз алдындагы чындыктарды көрбөгөн сыяктуу мамиле кылат, аңдап-түшүнүү күчү алсыздайт. Абдан ачык бир нерсени да түшүнө албаган бир абалга келет. Жанында болуп жаткан таң калыштуу окуяларды аңдай албайт. Окуялардын татаал тараптарын (сырларын) байкай албайт. Адамдардын миңдеген жылдар бойу капылет ичинде калууларынын, бир-бирлерине мурас катары калтырган «жалпылай түрдө терең ойлонуудан алыс калууларынын» булагы – ушул «мээнин, акылдын уктоосу» болууда.
Мындай жалпылай гипноздун таасирлеринин бирин мындай мисал менен түшүндүрүүгө болот:
Жердин асты толугу менен «магма» деп аталган бир «от катмарынан» турат. Жердин кабыгы (үстүңкү бети) болсо абдан ичке, башкача айтканда, бул от бизге абдан жакын, дээрлик бутубуздун эле астында. Жердин кабыгынын канчалык ичке экендигин түшүнүү үчүн мындай салыштыруу жасоого болот: жер жүзүнүн кабыгынын жерге салыштырмалуу калыңдыгы – бир алма кабыгынын алмага салыштырмалуу калыңдыгы сыяктуу.
Жердин астында эле абдан жогорку температурада кайнаган бир катмар бар экендигин баарыбыз билебиз, бирок адамдар бул жөнүндө көп ойлонушпайт. Себеби бул адамдардын ата-апалары, бир туугандары, туугандары, достору, коңшулары, гезит жазуучулар, телевизор программасын даярдап сунуучулар, университеттеги мугалимдери да бул жөнүндө ой жүгүртүшпөйт.


Биз сизди бул темада бираз ойлондуралы. Бир адамды «эс-тутумун жоготуп (амнезия болуп), айыкты жана айланадагы адамдардан суроо аркылуу айлана-чөйрөсүн таанып жатат» деп элестетели. Бул адам алгач каерде экендигин сурайт. Ага «сен турган жердин астында эле оттон кайнап турган бир тегерек катмар бар, катуу бир жер титирөө болсо же бир вулкан жарылса, бул оттор жер бетине чыгышы мүмкүн» деп айтылса, ал эмне деп ойлойт? Алдыга дагы илгерилейли. Бул адамга «дүйнө кичинекей бир планета жана космос деп аталган чеги билинбеген бир караңгы боштукта учуп баратат» деп да айтылды дейли. Космос дүйнөнүн астыңкы катмарына (магмага) караганда абдан чоң кооптуулук жаратууда. Мисалы, тонналаган оордуктагы метеорит, астероиддер асманда бош учуп жүрүүдө. Булардын дүйнөгө багытталбашы жана дүйнөгө урунбашы үчүн эч кандай себеп жок.
Албетте, бул адам ичинде болгон кооптуу абалды бир секунда да акылынан чыгарбайт. Мындай «пахта жибине илинген» бир чөйрөдө адамдардын кантип жашап жаткандыгын изилдейт. Жана кемчиликсиз бир системанын жаратылгандыгын байкайт. Ал турган планетанын ичи чоң бир коркунучтуу катмардан турат, бирок бул коркунучтун адамдарга зыян бериши да абдан так тең салмактуулуктар менен тосулган. Муну байкаган адам дүйнөнүн жана дүйнөдөгү бардык жандыктардын Аллахтын каалоосу менен, Ал жараткан кемчиликсиз бир тең салмактуулук менен гана жашап жаткандыгын жана коопсуздук ичинде жашоолорун улантып жаткандыгын түшүнөт.
Бул мисал – адамдар ойлонушу керек болгон миллиондогон, балким ал тургай, миллиарддаган нерселердин жалгыз бири гана. Капылеттин адамдардын ой жүгүртүп, аңдап-түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир бергендигин, адамдын мээ иштетүү мүмкүнчүлүгүн кандайча чектегендигин түшүнүү үчүн дагы бир мисал берели.
Адамдар дүйнө жашоосунун абдан бат өтүп кетээрин билүүдө, бирок буга карабастан, бул дүйнөдөн эч өтпөчүдөй мамиле кылышат. Бул дүйнөдө өлүм жок сыяктуу жүрүшөт. Бул дагы урпактан урпакка берилген бир «сыйкыр» (гипноз). Ал тургай мунун ушунчалык күчтүү бир таасири бар болгондуктан, бир адам өлүм жөнүндө сөз кылса, адамдар үстүлөрүндөгү гипноздун бузулушунан жана чындыктарга жолугуудан абдан коркуу менен сөздү ылдам башкага бурушат. Бүтүндөй жашоосун жакшы бир үй, дача жана машина алуу, балдарын колледжде окутуу үчүн жумшаган адамдар бир күн келип өлөөрүн жана өзү менен кошо машина, үй же балдарын алып кете албасын ойлонгусу келбейт. Чечим катары - өлүмдөн кийинки чыныгы жашоо үчүн бир нерселер кылуу ордуна, ойлонбой койууну тандашат.
Бирок, ар бир адамдын эртеби-кечпи бир күн өлөөрү чындык. Жана өлгөндөн кийин ыйман келтирген жана келтирбеген ар бир адам үчүн түбөлүк жашоо башталат. Бул түбөлүк жашоонун бейиште же тозокто болушу ушул кыска дүйнө жашоосунда жасагандарына жараша болот. Мынчалык ачык чындык бар туруп, адамдардын өлүм жок сыяктуу жашоого мамиле кылуусунун жалгыз себеби – ой жүгүртпөгөндүгүнүн натыйжасында аларды курчап алган бир гипноз.
Бирок, дүйнө жашоосунда ойлонуу менен өзүн бул гипноздон, башкача айтканда, капылет абалынан куткара албаган адамдар өлгөндөн кийин чындыктарды өз көздөрү менен көрүп түшүнүшөт. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча баяндайт:

Ант болсун, сен мындан капылетте элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосукту ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана. (Каф Сүрөсү, 22)

Айтта да белгиленгендей, ой жүгүртпөгөндүктөн улам жакшы байкабаган адамдын көрүү күчү өлгөндөн кийин акыретте эсеп берип жатканда «дааналашат».
Белгилеп койчу жагдай, адамдар «билип туруп» өздөрүн  мындай гипнозго киргизишүүдө. Мындай жол менен бейпил жашайм деген ой менен ушундай кылышууда. Чындыгында болсо, адамдын бир заматта чечим кабыл алып, үстүндөгү бул «акыл уйкусунан» кутулуп, ачык аңдап-байкоо менен жашоого башташы абдан оңой. Аллах мындан чыгуунун жолун адамдарга көрсөткөн; ой жүгүрткөн адамдар бул гипнозду бул дүйнөдө жашап жаткан кезинде үстүлөрүнөн алып сала алышат. Натыйжада окуялардын бир максаты жана ич тарабы бар экендигин түшүнөт жана Аллах тарабынан тынымсыз жаратылып жаткан хикматтарды (терең акылды) байкай алышат.


Адам ар убак, ар кайсы жерде ойлоно алат


Ой жүгүртүүнүн убактысы, орду жана шарттары жок. Адам жолдо баратып, жумушка баратып, машина айдап баратып, компьютерде иштеп жатып, бир достор чогулушунда отуруп, телевизор көрүп жатып, тамак ичип жатып ойлонушу мүмкүн.
Мисалы, машина менен баратып сыртта жүздөгөн адамдарды көрүүгө болот. Бул адамдарды караган адам ар кандай нерселерди ойлошу мүмкүн. Көзүнө көрүнгөн жүздөгөн адамдардын келбетинин бир-биринен толугу менен айырмалуу экендиги акылына келиши мүмкүн. Бул адамдардын бири экинчисине эч окшобойт. Адамдар негизинен көз, каш, кирпик, кол, бут, ооз, мурун сыяктуу бирдей органдарга ээ болгонуна карабастан, бири-биринен толугу менен айырмалуу болушу таң калыштуу нерсе. Адам ой жүгүртүүнү улантса, төмөнкү нерсе акылына келет:
Аллах миңдеген жылдар бойу миллиарддаган адамдарды бири-биринен толугу менен айырмалуу кылып жараткан. Шек жок, бул Аллахтын апачык бар экендигинин жана жогорку жаратуу чеберчилигинин далилдеринин бири.
Мынчалык көп адамдардын бир жерге жетүүгө аракет кылып жатканын карап турган адамдын ойуна башка ойлор келиши да мүмкүн. Бир караганда бул адамдардын ар бири «өзүнчө» бир адам катары көрүнөт. Ар биринин өзүнө тиешелүү бир дүйнөсү, каалоолору, пландары, жашоо стилдери, сүйүнтө турган жана кайгырта турган окуялар, хоббилери бар. Бирок бул айырмачылыктар жаңылтуучу. Себеби, жалпысынан ар бир адам төрөлөт, чоңойот, мектепке барат, жумуш издейт, иштейт, үйлөнөт, балалуу болот, баласын мектепке жөнөтөт, баласын үйлөнтөт, картайат, чоң ата, таята же чоң эне, таене болот жана өлөт. Башкача айтканда, бул тараптан караганда, адамдардын жашоосу арасында көп айырма жок. Бир адамдын Стамбулдун бир жеринде же Мексиканын бир шаарында жашап жатышынын көп деле айырмасы жок. Бул адамдардын ар бири сөзсүз бир күн өлөт; ал тургай 100 жылдан кийин бул адамдардан балким бирөөсү да бул жашоодо калбайт. Демек, муну түшүнгөн адам ой жүгүртүүсүн улантат жана өзүнө мындай суроолорду узатат: «Бир күн баарыбыз өлө турган болсок, эмне үчүн элдин баары бул дүйнөдөн эч өтпөй тургандай мамиле кылышууда? Өлөөрүн так билген бир адам өлүмдөн кийинкиси үчүн аракет кылышы зарыл болгонуна карабастан, кандайча адамдардын абдан көп бөлүгү бул дүйнө жашоосу эч түгөнбөчүдөй мамиле кылышууда?»
Дал ушул адам – ой жүгүрткөн жана ойлонуу натыйжасында абдан маанилүү жыйынтык чыгара алган адам.
Бирок адамдардын көпчүлүгү бул нерселерди көп ойлонушпайт. Кокусунан «азыр эмне ойлонуп жатасың?» деп суралса, эч керексиз жана өздөрүнө эч канча пайда алып келбей турган нерселерди ойлонуп жаткандыгы белгилүү болот. Чындыгында болсо, адам ойгонгондон уктаганга чейинки мөөнөт бойу ар дайым «маанилүү», «хикматтуу», «негизги» нерселер жөнүндө ой жүгүртүп, андан жыйынтык чыгарышы мүмкүн.
Аллах Куранда момундардын ар кандай шартта ой жүгүртөөрүн жана бул ойлордон пайда бере турган жыйынтыктар чыгараарын мындайча билдирет:

Шек жок, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Ал-и Имран Сүрөсү, 190-191)

Аятта да билдирилгендей, момундар ой жүгүрткөн адамдар болгондуктан, жаратылыштагы таң калыштуу, укмуштуу тараптарды көрө алышат жана Аллахтын күчүн, илимин жана акылын элестетип, аңдай алышат.


Чын көңүлдөн жана Аллахка багытталуу менен ойлонуу


Ой жүгүртүүнүн бир адамга пайда алып келиши, аны туура жыйынтыкка жеткириши үчүн адам дайыма оң тараптуу ойлонушу зарыл. Мисалы, бир адам өзүнөн абдан сулуу бирөөнү көргөндө, бул адамдын сулуулугун ойлонуп, өзүнүн кемчиликтеринен кемсинсе же көңүлүндө кызганыч жаралса, бул Аллах ыраазы болбой турган бир ой болот. Бирок, Аллахты ыраазы кылуу максатын көздөгөн адам бул адамдын сулуулугун Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун бир көрүнүшү катары кабыл алат. Бул адамга Аллах жараткан бир сулуулук катары карагандыктан, мындан чоң бакыт сезет. Акыретте Аллахтын бул адамдын сулуулугун артырышы үчүн дуба кылат. Ошондой эле, өзү үчүн да Аллахтан акыретте чыныгы жана түбөлүккө чейин улануучу бир сулуулук сурайт. Дүйнөдө адамдын эч качан кемчиликсиз боло албашын, себеби дүйнөнүн сыноонун шарты катары кемчиликтер менен бирге жаратылганын ойлонот. Бейишке болгон сагынычы өсөт. Шек жок, бул чын жүрөктөн ойлонуунун бир гана мисалы. Адам жашоосу бойунча бул сыяктуу көптөгөн окуяларга кабылат. Бул окуялар учурунда Аллах ыраазы боло турган бир ахлак, аракет кылып-кылбашы менен сыналат.


Албетте сыноодон ийгиликтүү өтүү жана ой жүгүртүүдөн өзүнө акырети үчүн бир сооп алышы, адамдын ой жүгүрткөн нерселерден кеңеш алышына байланыштуу. Бул үчүн адам дайыма чын, таза жүрөктөн ойлонушу зарыл. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:


Ал силерге аяттарын көрсөтөт жана силер үчүн асмандан ырыскы түшүрөт. Чын көңүлдөн (Аллахка) багытталгандан башкасы кеңеш алып-ойлонбойт. (Мүмин Сүрөсү, 13)


АДАМДАР КӨБҮНЧӨ ЭМНЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНУШАТ?



Мурдакы бөлүмдөрдө адамдардын зарыл болгон негизде ойлонбогондуктарын, ойлонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрбөгөндүгү жөнүндө сөз кылдык. Бирок бул жерде туура эмес түшүнүлбөшү керек болгон бир нерсе бар. Албетте ар бир адам жашоосу бойунча дайыма акылынан бир нерселерди өткөрөт. Адам мээси бопбош болгон учурлар, уйку абалынан тышкары, дээрлик жок. Бирок бул ойлордун көпчүлүк бөлүгү акырети үчүн пайда бербей турган, «бош жана керексиз» адамды эч кандай жыйынтыкка жеткирбеген, адамга эч кандай пайда алып келбеген, пайдасыз ойлор.
Адам күн ичинде эмне ойлонгонун эстегенге аракет кылса жана аларды бир жерге жазса, күндүн аягында аларды анализдесе, көпчүлүгүнүн канчалык пайдасыз экендигин түшүнөт. Же булардын бир бөлүгүн пайдалуу деп ойлосо да, туура эмес ойлонгон болушу мүмкүн. Себеби көбүнчө адамдарга туура сезилген нерселер чындыгында аларга акыретте бир пайда алып келбей турган ойлор болушу мүмкүн.
Адамдар күнүмдүк жашоолорунда бош иштер менен алек болуп, бош нерселерге убакыт коротушкан сыяктуу бош ойлорду ойлоп да убактысын пайдасыз өткөрүшү мүмкүн. Аллах Куранда «Алар «толугу менен бош» нерселерден жүз бурушкандар» (Мүминун Сүрөсү, 3) аяты менен момундарды мактоодо жана бул жакшы аракетти мисал көрсөтүүдө. Аллахтын бул буйругу шек жок адамдардын ойлоруна да тиешелүү. Себеби ойлор, эгер адам аларды башкарбаса, адамдын акылынан тынбай агып кете берет. Адам бир ойдон экинчисине байкабастан өтө берет. Кечинде үйүнө баратып, кыла турган соода-сатык жөнүндө ойлонуп баратып, эки жыл мурун бир досунун айткан сөзү эсине келип калганын байкайт. Бул башы бош жана пайдасыз ойлор күн бойу тынымсыз улана бериши мүмкүн.
Чындыгында болсо, ойлорго ээ болуу адамдын өзүнүн колунда. Ар бир адам акылы менен өзүн, ыйманын, акылын, кыймыл-аракеттерин, чөйрөсүн өзгөртө ала турган ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул бөлүмдө капылет ичинде болгон адамдардын негизинен эмнелер жөнүндө ойлоноору жөнүндө сөз кылабыз. Бул нерселердин терең түшүндүрүлүү себеби – бул китепти окуган адамдардын, мисалы эртеси күн жумушка же мектепке барганда же кандайдыр бир жумуш жасап жатканда ойлорунан бул жерде айтылгандар сыяктуу бир ойлор өткөндө, ошол замат бош нерсе ойлонуп жаткандыгын байкоолору жана ойлорун башкарып өздөрүнө чындап пайда бере турган нерселер жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө жардамчы болуу.


Бош (куру) санаалар


Адам ойлорун жакшылык алып келе турган багытта башкарбаган учурда улам улам бош элестетүүлөргө кабыла бериши мүмкүн же болбогон окуяларды ойунда болгон сыяктуу элестетип, жок нерсе үчүн кайгырып, стресске, тынчсызданууга же коркууга кабылышы мүмкүн.
Мисалы, баласы университет сынагына даярданып жаткан бир адам али сынак боло электе эле, баласы сынактан өтпөй калса эмне болоорун элестетет: «Уулу келечекте жакшы бир жумуш, жетиштүү акча таба албаса, анда үйлөнө албайт. Үйлөнсө да той чыгымдарын кантип жабат? Сынактан өтө албаса, атасынын сынакка даярдоо курсу үчүн берген акчалары бошко кеткен болот, ошондой эле башка адамдарга уят болушат. Же эң жакын досунун баласы сынактан өтүп, анын баласы өтпөй калса...»
Мындай бош элестетүүлөр ушинтип улана берет. Чындыгында болсо уулу али сынакка кире да элек. Дин ахлагынан алыс болгон ар бир адам жашоосу бойунча ушул сыяктуу бош элестетүүлөргө кабылуудан кутула албайт. Албетте, мунун бир себеби бар. Куранда адамдардын бош элестетүүлөрдөн кутула албашынын себеби катары «шайтандын сөздөрүн тыңдоо» айтылат:

Аларды, кандай жол менен болсун, жаңылтып-адаштырам, болбогон (ар кандай) элестетүүлөргө кабылдырам... (Ниса Сүрөсү, 119)

Жогорудагы аятта көрүлгөндөй, бош элестетүүлөргө кабылган, Аллахты унуткан жана ойлонбогон бир адам түпкүрүндө дайыма шайтандын азгырыктарына ачык. Башкача айтканда, бир адам дүйнө жашоосуна алдануу менен акылын, эркин колдонбой, ариетине (выжданына) карап аракет кылбай жана өзүн окуялардын агымына таштап койсо толугу менен шайтандын башкаруусуна кирет. Шайтандын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – адамдарга азгырык жана бош элестетүүлөр, кооптонуулар бериши. Дал ушул ойлордо курулган мындай бош элестетүүлөр, көңүл чөгүү жана «мындай болсо мен эмне кылам?» сыяктуу коркуулар шайтандын азгырыктары менен болот.
Бирок, Аллах бул абалдан өзүн куткаруу үчүн адамдарга жол көрсөткөн. Куранда шайтандан бир азгырык келгенде, адамдарга Аллахка корголонуулары жана ой жүгүртүүлөрү билдирилет:

(Аллахтан) Коркуп-сактангандарга шайтандан бир азгырык келгенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), андан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Шайтандын) Бир туугандары болсо, аларды адашууга түртүшөт, андан кийин алардын артынан калып калышпайт (тынбай азгырышат). (Араф Сүрөсү, 201-202)

Аяттарда кабар берилгендей, ой жүгүрткөн адам туурасын байкайт, ойлонбогон адам болсо шайтан аны каякка айдаса, ошол жакка кете берет.

Эң негизгиси мындай ойлордун (бош санаалардын) адамга эч кандай пайда алып келбешин, тескерисинче, чындыктар, маанилүү окуялар жөнүндө ойлонууларына тоскоолдук болоорун билүү жана ойлорду булардан тазалоо болмокчу. Адам бош ойлордон тазаланганда гана керектүү багытта ойлоно алат. Мындай жол менен Аллах Куранда буйрук кылган сыяктуу «бош нерселерден баш тарткан» болот.



ОЙ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЭМНЕЛЕР ТОСКООЛДУК КЫЛАТ?



Адамдардын ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук болуучу көптөгөн себептер бар. Бул себептер адамды ойлонуудан, чындыктарды көрүүдөн то сушу мүмкүн. Ошондуктан, ар бир адам өзүнө тескери таасир берген себептерди аныкташы жана алардан кутулушу шарт. Антпесе, дүйнө жашоосунун чыныгы жүзүн көрө албайт. Бул болсо акыретте ага абдан чоң жоготуу алып келет.
Аллах Куранда үстүртөн ойлонуу адатына ээ адамдардын абалын мындайча билдирет:

Алар дүйнө жашоосунун (жалаң гана) тыш тарабын билишет. Акыреттен болсо капылет калышкан. Өздөрүнүн нефстери (напсилери) жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү? Аллах асмандарды, жерди жана бул экөөсү арасындагыларды жалаң гана чындык менен жана белгиленген бир мөөнөт (ажал) менен жараткан. Чындыгында, адамдардын көбү Жаратуучуларына жолугаарына ишенишпейт. (Рум Сүрөсү, 7-8)

Бул бөлүмдө ой жүгүртүүгө тоскоолдук кылган кээ бир себептер жөнүндө сөз кылабыз.


Көпчүлүккө баш ийүүнүн натыйжасы болгон «акыл уктоосу»


Адамдарды эң көп жаңылткан нерселердин бири «көпчүлүк» кылган нерселердин тууралыгына ишенүүлөрү болуп саналат. Бир адам туураларды ой жүгүртүү менен табуу ордуна дайыма айланасындагы адамдардын үйрөткөндөрүн кабыл алууга багытталат. Көбүнчө ага башында туура эмес көрүнгөн нерселерди башка адамдар кадимки көрүнүштөй кабыл алгандарын көрөт жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин өзү да бул нерселерди кыла баштайт.
Мисалы, айланасындагы адамдардын көпчүлүк бөлүгү бир күн өлөөрүн ойлонушпайт. Ал тургай, өлүмдү эстебөө үчүн бул жөнүндө эч кимди сүйлөтүшпөйт. Муну көргөн адам да айланасын карап, «Элдин баары мындай кылган болсо, мен да ушундай мамиле кылышым туура болот» деп ойлойт жана өлүмдү эч ойлобостон жашап баштайт. Эгер айланасындагы ар бир адам Аллахтан коркуу менен аракет кылса жана акырет үчүн абдан аракет кылып жатышкан болгондо, чоң бир ыктымалдуулук менен бул адам да иш-аракеттерин өзгөртмөк.
Же телевизорлордо, журналдарда ар күнү жүздөгөн кырсык, адилетсиздик, зулумдук, өзүн-өзү өлтүрүү, кылмыш, уурулук, алдамчылык кабарлары чыгат, миңдеген жардамга муктаж адамдар жөнүндө сөз кылынат. Бирок көп адамдар бул кабарларды окуп, гезит барактарын барактап кете берет. Көбүнчө адамдар мындай кабарлардын эмнеге мынча көп экендигин, булардын алдын алуу үчүн эмне кылуу, кандай чаралар кабыл алуу керектигин, ал тургай өздөрү бул багытта эмне кыла алаарын эч ойлонушпайт. Себеби, айланасындагы башка адамдардын көбү да бул нерселерди ойлонушпайт. Көп адамдар «дүйнөнү куткаруу мага калдыбы?» логикасы ичине кирип, милдетти башкаларга жүктөп койушат.


Ой жүгүртүү жалкоолугу


Жалкоолук – адамдардын көпчүлүгүнүн ойлонуусуна тоскоолдук болгон бир себеп.
Ойлонуу жалкоолугунан улам адамдар бардык нерсени көргөн жана көнгөн негизде жасашат. Күнүмдүк жашоодон бир мисал берсек, аялдар үй тазалоодо дайыма апаларынан үйрөнгөн жолду жолдошот. Көбүнчө, «кандай кылсам, оңойураак же тазараак болот» деп ойлонбойт жана жаңы жол издебейт. Ошол сыяктуу эркектер да бир түзөтүү жана ушул сыяктуу бир иш кылыш керек болгондо, бала кезинен ага үйрөтүлгөн ыкмаларды колдонушат. Жаңы бир ыкма, ыңгайлуураак жана акылдуу боло турган бир нерсе кылууга аракет кылбайт. Бул адамдардын сүйлөө калыбы да дайыма бирдей. Мисалы, бир бухгалтердин сүйлөө калыбы жашоосунда көргөн бухгалтерлерге окшош. Докторлордун, банкирлердин, сатуучулардын... Кыскача айтканда, ар бир тармактагы адамдардын өзүнө тиешелүү бир сүйлөө стили бар. Себеби бул адамдар ойлонуу менен эң ылайыктуу, эң кооз, эң сооптуу, жакшыны издеп табышпайт. Дайым көргөндөрүн туурашат.
Маселелерге табылган чечимдер да жалкоолугун көрсөтө турган негизде. Мисалы, бир үйдүн башчысы үйдүн акыр-чикир маселесине мурдакы башчылар колдонгон ыкманын дал өзүн колдонот. Же бир шаар башчысы жол маселесин мурдакы шаар башчылары кандай кылганына карап, чечүүгө аракет кылат. Көп учурда ойлонбогондуктан улам жаңы чечим чыгара албайт.
Албетте бул жерде берилген мисалдар адамдардын күнүмдүк жашоолорунда зыян тарткан нерселер. Бирок булардан абдан маанилүү нерселер бар жана адамдардын бул темаларда жалкоолук кылып ойлонбой койушу аларды чоң жана түбөлүк зыянга учуратат. Адамдын дүйнөдө жаралуу максатын ойлонбошу, өлүмдүн сөзсүз башына келе турган чындык экендигин, өлгөндөн кийин болсо сөзсүз эсеп күнүнө жолугаарын ойлонбой койушу – мындай зыяндын булагы. Аллах Куранда адамдарды бул маанилүү чындыктар жөнүндө ойлонууга чакырат. Бул аяттардан кээ бирлеринде мындайча буйурулат:

Мына ушулар өздөрүн зыянга учураткандар жана жалгандан ойлоп чыгаргандары (жасалма кудайлар да) алардан алыстап-жоголду. Эч шек жок, булар – акыретте эң көп зыян тартуучулар. Ыйман келтирип, салих (чын жүрөктөн жакшы) амал кылгандар жана «Раббилерине жүрөктөрү ыраазы болуу менен байлангандар», мына ушулар болсо бейиш калкы. Ал жерде түбөлүк калышат. Бул эки топтун мисалы; көр жана дүлөй менен көргөн жана уккан (адам) сыяктуу. Мисал катары булар бири-бири менен теңби? Дагы эле кеңеш алып, ойлонбойсуңарбы? (Худ Сүрөсү, 21-24)

Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми кеңеш алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)


«Көп ойлонуу жакшы эмес» көз-карашы


Коомдо «терең ойлонуу - көп жакшы эмес» деген сыяктуу кеңири таралган бир ишеним бар. Ал тургай адамдардын кээ бирлери бири-бирине «көп ойлонбо, акылыңдан адашасың» деп эскертишет. Албетте бул – динден алыс жашаган адамдар ойлоп тапкан негизсиз бир ой гана. Адам ойлонуудан эмес, туура эмес ойлонуу, бош элестетүүлөр жана азгырыктарга кабылуудан качынышы зарыл.
Аллах жана акырет ишеними күчтүү болбогон, Куранды жакшы билбеген адамдар жакшы жана сулуулук жөнүндө эмес, туура эмес ойлонгондуктан, ой жүгүртүү натыйжасында чындыгында көп пайдалуу жыйынтыктар чыкпайт. Мисалы, дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин, бир күн келип өлөөрүн ойлонушат, бирок мунун натыйжасында чоң бир көңүл чөгүүгө кабылышат. Себеби, дүйнөдө Аллахтын буйруктарын аткарбастан өткөргөн бир жашоонун акыретте аларга жаман бир жыйынтык даярдаганын жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезишет. Бир бөлүгү болсо «өлгөндө жок болом» деп ишенгендиктен көңүлү чөгөт.
Чындыгында болсо, Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, акылдуу бир адам дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин ойлонгондо, такыр башка жыйынтыктарга барат. Баарынан мурун дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин түшүнүүсү акыреттеги чыныгы жана түбөлүк жашоосу үчүн болгон аракетин жумшоосуна себеп болот. Бул дүйнөдөгү жашоонун эртеби кечпи бүтөөрүн билгендиктен, бул дүнүйөлүк пайда жана эсептерге алданбайт. Абдан тобокелдүү болот. Бул өткөөл жашоодо ишке ашкан эч кандай окуя аны капа кылбайт. Дайыма түбөлүк жана сулуу бир жашоого жетүүнүн үмүтү менен жашайт. Дүйнөдөгү нематтардан (жакшылыктардан) жана сулуулуктардан да абдан көп бакыт алат. Себеби Аллах дүйнөнү адамдарды сыноо үчүн кемчиликтүү кылып жараткан. Бул кемчиликтүү дүйнөдө да адамга жаккан көптөгөн сулуулуктар бар болгон болсо, бейиштеги сулуулуктар кыялдана албай турган деңгээлде сонун деп ойлонот. Ар бир көргөн сулуулуктун акыретте чыныгы абалын көрүүнү үмүт кылат. Жана булардын баарын терең ойлонуу менен аңдап-түшүнөт.
Ошол себептен, бир адамдын «аягында чындыктарды көрүп көңүл чөгүүгө кабылсам» деп кооптонуусу жана мындан улам ойлонуудан качынышы ал үчүн чоң зыян алып келет. Себеби Аллахка болгон ыйманы негизинде дайыма үмүт ичинде болгон жана позитивдүү ойлонгон бир адам үчүн көңүл чөгүүгө себеп боло турган эч кандай окуя жок.

Ойлонуу алып келе турган милдеттерден качуу

Көп адамдар ойлонуудан, бир нерселер жөнүндө мээ иштетүүдөн алыс болуу менен көптөгөн милдеттерден кутулам деп ойлойт. Ал тургай дүйнөдө мындай кылуу менен көптөгөн нерселерден өзүн «куткарышы» мүмкүн. Бирок, адамдардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири ойлонбостон Раббибизге болгон милдеттерден кача алам деп ойлоолору болуп саналат. Адамдардын өлүмдү жана өлүмдөн кийинки жашоону ойлонбой койууларынын негизги себеби – ушул. Себеби бир адам бир күнү өлөөрүн ойлонсо жана өлүмдөн кийин түбөлүк жашоо бар экендигин эстесе, болгон күчү менен өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн аракет кылыш керек болот. Бирок, акыреттин бар экендигин ойлонбогон учурда мындай милдеттен кутулам деп ойлоо менен өзүн-өзү алдайт. Бирок бул чоң алдануу, жана адам бул дүйнөдө ойлонуу менен чындыкты таппаса, өлүм менен бирге өзү үчүн эч кандай качууга жол жок экендигин түшүнөт. Бул чындык аяттарда мындайча кабар берилет:

Ал, өлүм мастыгы бир чындык катары келип (адамга) «Мына ушул сенин алыстан качкан нерсең» (деп айтылган учур). Сура (Сур) да үйлөндү. Мына ушул эскертүү (ишке ашкан) күн. (Каф Сүрөсү, 19-20)

Күнүмдүк жашоо агымына алдануу менен ой жүгүртпөө


Адамдардын көбү бүтүндөй жашоосун бир «жан талашуу» ичинде өткөрүшөт. Белгилүү бир жашка келгенден баштап бир жумушта иштөөсү, өзүн жана үй-бүлөөсүн багышы керек болот. Муну «жашоо күрөшү» деп аташат жана бул күрөштө бир жерден башка жерге жан талашып чуркоодон башка иштерге убакыт калбайт деп арызданышат. Мындай сөз жүзүндө «убакыт жок» учурунда ойлонуу болсо – алар убакыт бөлө албаган бир нерсе. Натыйжада күнүмдүк жашоосу каякка сүйрөсө, ошол тарапка сүйрөлө беришет. Мындай жашоо ичинде айланасында болуп жаткан окуяларга да маани бербей баштайт.
Чындыгында болсо адамдын бул дүйнөдө максаты бир жерден бир жерге чуркап жүрүп, берилген жашоо мөөнөтүн, убакытты коротуу болбошу керек. Негизги маселе – дүйнөнүн чыныгы жүзүн байкоо жана ошого жараша өмүр өткөрүүдө. Эч бир адамдын жалгыз максаты – акча чогултуу, жумушка баруу, университетте окуу, үйлүү болуу эмес. Албетте адам жашоосунда буларды кылышы зарыл, бирок бардык бул нерселерди кылып жатып акылынан чыгарбашы керек болгон маанилүү бир нерсе бар: Ар бир адамдын дүйнөгө жаратылуу максаты – Аллахка кулчулук кылуу, Аллахтын ыраазычылыгы, кечирими жана бейишине жетүү үчүн аракет кылуу. Бул максаттан тышкаркы бардык аракеттер же иштер жалаң гана адамдын чыныгы максатына (т.а. Аллахтын ыраазычылыгына) жетиши үчүн бир «инструмент» гана боло алат. Инструментти максат кылып алуу болсо – шайтан адамдарды ичине түшүргөн чоң бир жаңылыштык.
Бирок, ойлонбостон жашаган бир адам бул инструменттерди өзүнө максат кылып алышы толук мүмкүн. Күнүмдүк жашоодон бир мисал берсек, адамдын иштеп, коомго пайдалуу нерселер өндүрүшү шек жок жакшы бир аракет. Аллахка ыйман келтирген бир адам мындай ишти кубануу менен жасайт жана мунун үзүрүн бул дүйнөдө да, акыретте да Аллахтан күтөт. Бирок башка бир адам ушул эле жумушту Аллахты унутуу менен, жалаң гана бул дүйнөгө багытталган кээ бир кызыкчылыктар үчүн, адамдарга мактануу үчүн бир чоң орунга жетүү ниети менен кылып жаткан болсо, дал ушундай учурда жаңылган болот. Жана акыретте чындыктарга жолукканда, мунун натыйжасында сүрөттөлө албай турган бир бушаймандыкка кабылат. Аллах дүйнө жашоосуна сүңгүп кеткендер үчүн бир аятында мындай дейт:

Силерден мурдакы (мунафыктар (эки жүздүүлөр) жана каапырлар) сыяктуу. Алар силерден күч-кубат жагынан күчтүүрөөк, мал-мүлк жана бала-бакыра жагынан көбүрөөк эле. Алар өз кызыкчылыгы үчүн колдонууну тандашты; силерден мурдакылар өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга багытталган сыяктуу, силер да өз кызыкчылыгыңар үчүн пайдаланууну көздөдүңөр жана силер да (дүйнөгө жана жыргалга) баткандар сыяктуу баттыңар. Дал ошолордун дүйнөдө акыретте бардык кылгандары (амалдары) бошко кетти жана дал ошолор– зыян көрүүчүлөр. (Тообо Сүрөсү, 69)

Бардык нерсеге «Көнүмүш көз» менен кароо жана ошол себептен алар жөнүндө ой жүгүртүү зарыл эмес деп ойлоо

Адамдар кээ бир нерселерди алгачкы жолу көргөндө, андагы укмушту байкашы мүмкүн жана бул алардын ой жүгүртүшүнө, көргөн нерсени изилдеп үйрөнүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Бирок белгилүү бир убактан кийин бул нерсени көнүмүш көз менен карап калат жана андан таасирленбей калат. Өзгөчө ар күнү жолуккан бир жандык же окуя эми алар үчүн «катардагы» бир нерсе абалына келет.
Мисалы, кээ бир медицина факультетинин студенттери алгачкы жолу өлгөн кишинин денесин көргөндө, мындан абдан таасирленишет. Же алгачкы жолу бир оорулуу көз жумганда, бул окуя аларды терең ойго чөмүлтөт. Балким бир канча мүнөт мурун тирүү, күлүп, пландар түзүп, сүйлөп, бактылуулук сезген бир адамдын бир заматта жансыз, бир буюм сыяктуу денесине кабылышат. Алгачкы жолу аутопсия  кылуулары (денени ачып изилдөө) үчүн алдыларына жансыз дене келгенде, бул жансыз денеде көргөн бардык нерсени ойлонушат. Мисалы, бул денинин бат эле чирип баратышы, ичинен чыдатпаган бир жыт чыгышы, жашап жатканда көзгө жагымдуу болгон чачтардын тийгенге да жийиркенитүү абалга келиши ойлоруна келген нерселерден. Мунун артынан мындай деп ойлонушат: Бардык адамдардын денелери бир эле заттардан турат жана бүт денелер сөзсүз ушундай нерсеге кабылат, башкача айтканда, өздөрү да бир күн ушундай абалга келишет.
Бирок бир канча жансыз дене көргөндөн кийин же бир канча оорулуу өлгөндөн кийин бул адамдар үстүндө көнүшүү (үлфет) пайда боло башташы мүмкүн. Эми көргөн жансыз денелерди, ал тургай оорулууларды бир буюм сыяктуу көрүп башташат.
Бул абал албетте докторлорго эле тиешелүү нерсе эмес. Адамдардын көбү үчүн жашоолорунун көптөгөн бөлүгүндө ушундай эле абал бар. Мисалы, оор шарттарда жашаган бир адамга кокусунан жыргал, бейпил бир жашоо сунулганда, көргөн жана ээ болгон бардык нерселердин бир немат (Аллахтан жакшылык) экендигин түшүнөт. Жаткан төшөгүнүн жакшыраак болушу, үй терезесинин кооз жаратылышка карашы, каалаган нерсесин алып жей алышы, кышында үйүн каалагандай ысыта алышы, бир жерден бир жерге машинасы менен оңой жете алышы жана башка көптөгөн нерселер бул адам үчүн нематтар болот. Мурдакы кезин эстеген сайын булардын ар бирөөсүнүн кубанычын жашайт. Бирок туулгандан бери мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон бир адам булардын наркын, баалуулугун анчалык ойлонбошу мүмкүн. Ойлонмойунча бул сулуулуктарга суктануусу, мүмкүн эмес.
Ой жүгүрткөн адам үчүн туулгандан бери мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушу же кийин ээ болушу арасында айырма жок. Себеби эч качан ээ болгон нерселерине көнүмүш көз менен карабайт. Ар бирин ал үчүн Аллах жараткандыгын, Аллах кааласа буларды андан кайра алышы мүмкүн экендигин билет. Мисалы, момундар өздөрүн ташый турган унааларга мингенде мындай дуба кылышат:

... Буларды биз үчүн мойун сундурган (Аллах) кандай Улук, болбосо биз муну (өз кызматыбызга) колдоно албайт элек... (Зухруф Сүрөсү, 13)

Жана биз, албетте, Раббибизге кайтып барабыз. (Зухруф Сүрөсү, 14)

Бишка бир аятта болсо момундардын бакчаларына киргенде, Аллахты аруулоо менен «... МашаАллах, Аллахтан башка күч-кудурет жок...» (Кехф Сүрөсү, 39) деп айтышаары билдирилет. Бул – алардын ар качан бакчаларына киргенде бул бакчаны жараткандын жана кармап тургандын Аллах экендигин ойлонууларынын бир көрсөткүчү. Ойлонбогон бир адам болсо сонун бир бакчаны алгачкы жолу көргөндө, андан таасирлениши мүмкүн, бирок кийинчерээк бул жер ал үчүн барган сайын көнүмүш бир жер абалына келип баштайт. Ичиндеги сулуулуктарга болгон таң калуусу жоголот. Кээ бир адамдар болсо эч ойлонбогондуктан, башынан эле бул нематтарды байкашпайт. Аларга берилген нематтарды «көнүмүш», «болушу керек болгон» нерселер сыяктуу кабыл алышат. Ошондуктан, булардагы кооздуктардан бакыт ала алышпайт.

Жыйынтык: Адам ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук кылган бардык себептерди жок кылуусу шарт


Мурда да белгиленгендей, адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн ойлонбошу жана капылет калып жашашы адамдын ой жүгүртпөшү үчүн бир себеп боло албайт. Себеби ар бир адам өз башына ээ, көз-карандысыз бир жандык жана Аллах алдында керт башына жооптуу. Ушуну унутпоо керек: Аллах адамдарды дүйнө жашоосунда сынап жатат. Башка адамдардын көңүл кош мамилеси, ой жүгүртпөгөн, чындыктарды байкабаган адамдар болушу да - көбүнчө бул сыноонун бир бөлүгү. Жана чын көңүлдөн ойлонгон бир адам «адамдардын көпчүлүгү ойлонушпайт жана бул нерселерди байкашпайт, эмне үчүн жалгыз мен ойлонойун» дебейт. Ал тургай адамдардын көбүнүн ичинде болгон капылеттигин ойлонуп андан сабак алат жана алардын бири болуп калуудан Аллахка корголонот. Башка адамдар ичинде болгон абал ал үчүн бир себеп боло албашы ачык. Себеби Аллах Куранда адамдардын көпчүлүгүнүн капылеттик ичинде экендигин жана ыйман келтирбегендиктерин көптөгөн аяты аркылуу билдирет. Бул аяттардын кээ бирлеринде мындай буйурулат:

Сен абдан кааласаң да, адамдардын көбү ыйман келтиришпейт. (Йусуф Сүрөсү, 103)

Алиф, Лам, Мим, Ра. Булар – Китептин аяттары. Жана сага Раббиңден түшүрүлгөн чындык. Бирок адамдардын көбү ыйман келтиришпейт. (Рад Сүрөсү, 1)

Болгон анттары менен: «Өлгөндү Аллах тирилтпейт» деп ант ичишти. Жок; бул – Анын үстүндөгү чыныгы убада, бирок адамдардын көбү билишпейт. (Нахл Сүрөсү, 38)

Ант болсун муну алардын арасында сабак алып-ойлонушсун деп ар кандай түрдө түшүндүрдүк. Бирок адамдардын көбү нашүгүрдүк кылышып (шүгүр кылышпай), көшөрүштү. (Фуркан Сүрөсү, 50)

Аллах башка аяттарында адамдардын көпчүлүгүн ээрчип жолдон адашкан, жаратылуу максатын ойлонбостон, Аллахтын буйруктарын аткарбаган адамдар жолуга турган натыйжасын мындайча билдирет:

Ичинде алар (мындайча) жалбарышат: «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка салих бир амал кылалы.» Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак алганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми залимдер үчүн бир жардамчы жок. (Фатыр Сүрөсү, 37)

Ошол себептен ар бир адам ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук кылган себептерди жойуу менен, чын жүрөктөн Аллах жараткан ар бир окуя жана ар бир жандык жөнүндө ой жүгүртүүсү, бул ойлордон өзү үчүн бир сабак чыгарышы зарыл.

Мындан кийинки бөлүмдө бир адам күнүмдүк жашоодо жолуга турган кээ бир окуялар жана жандыктар жөнүндө кандай ой жүгүртүшү мүмкүн экендиги жөнүндө сөз кылынат. Максатыбыз – бул жерде сөз кылынган нерселердин бул китепти окугандарга жол көрсөтүүчү болушу жана мындан кийинки жашоолорун «ой жүгүрткөн жана ойлордон кеңеш жана сабак алган» адамдар катары өткөрүшү.

БУЛ НЕРСЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ КЕРЕК 1/3

Китептин башынан бери ой жүгүртүүнүн мааниси, анын адамга пайдалары, адамды башка жандыктардан айырмалаган абдан маанилүү бир өзгөчөлүк экендигин сөз кылдык. Мындан тышкары, ойлонууга тоскоолдук кылган себептерди да карадык. Шек жок, бардык бул нерселерди баяндоонун негизги максаты – адамдарды ойлонууга чакыруу, жаратылуу максаттарын байкоолору, Аллахтын чексиз илими жана кудуретин сезип, суктанууларына жардамчы болуу болчу.
Эми бул бөлүмдө болсо Аллахка ыйман келтирген бир адамдын бир күн бойу туш болгон окуялар жөнүндө эмне ойлонушу керек экендиги, көргөн окуялардан кандай сабак алышы, жолуккан бардык нерседе Раббибиздин чеберчилигин жана илимин көрүү менен кантип Аллахка шүгүр келтириши жана жакындашуусу керек экендигин баяндайбыз.
Албетте, бул жерде айтыла тургандар бир адамдын ойлонуу мүмкүнчүлүгүнүн абдан кичинекей бир бөлүгүн камтыйт. Адам жашаган ар бир көз ирмеминде ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жана адамдын ойлонуу күчү ушунчалык кенен болгондуктан, буларды чектөө, катарга тизип саноо мүмкүн эмес. Бул жерде түшүндүрүлө турган нерселердин максаты – жалаң гана ойлонуу мүмкүнчүлүгүн зарыл багытта колдонбогон адамдарга жол ачуу.
Жалаң ойлонгон адамдын гана акыл жеткире алаарын жана башка жандыктардан айырмалуу бир абалга келе алаарын унутпаш керек. Айланасындагы таң калыштуу окуяларды байкай албаган, көрүп акыл жүгүртө албаган адамдардын абалын Аллах аяттарында мындайча кабар берет:

Чындыктан баш тартуучулардын мисалы кыйкырып-өкүрүүдөн башка эч нерсе укпастан (уккан же кыйкырган нерсесинин маанисин билбеген жана тынымсыз) айкырган (бир айбан) мисалы сыяктуу. Алар – дүлөй, тилсиз, көр; ошондуктан акыл жүгүртүп (чындыкка) жете алышпайт. (Бакара Сүрөсү, 171)

Жүрөктөрү бар, муну менен аңдап-түшүнө алышпайт; көздөрү бар, муну менен көрө алышпайт; кулактары бар, муну менен уга алышпайт. Булар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар. (Араф Сүрөсү, 179)

Болбосо сен алардын көбүн (сөз) угат же акылын колдонот деп ойлойсуңбу? Алар жалаң гана айбандар сыяктуу; жок алар жол жагынан адашкан (жана төмөн). (Фуркан Сүрөсү, 44)

Аллахтын аяттарын, жараткан жандуулардагы жана окуялардагы укмуштуу тараптарын байкай алган, ошондуктан акыл жүгүртө алган адамдар болсо – жалаң гана ойлонгон адамдар. Жана бул адамдар майда чоң дебей ар бир көргөн нерсесинен жыйынтык чыгара алышат.

Эрте менен ойгонгондо

Адамдын ойлонуп башташы үчүн атайын бир шарт түзүлүшүнө кажет жок. Эрте менен тургандан баштап ойлонуу үчүн алдына көптөгөн мүмкүнчүлүктөр сунулат.
Эрте менен ойгонгон бир адам алдында узун бир күн бар. Көбүнчө чарчаңкы жана уйкусуз эмес болот, бардык нерсени башынан баштоого даяр. Муну ойлонгон адамдын акылына Аллахтын бир аяты келет:

Ал – түндү силер үчүн бир кийим, уйкуну бир эс алуу жана күндүздү болсо таркап-иштөө (убактысы) кылган (Зат). (Фуркан Сүрөсү, 47)

Башынын ордуна келиши, толугу менен ойгонушу үчүн жүзүн чайкап, жуунушу жетиштүү болот. Эми адам өзү үчүн пайдалуу көптөгөн нерселерди ойлонуу абалында болгон болот. Эрте мененки тамактанууда эмне жей турганы же үйдөн канчада чыгуу зарылдыгынан да алда-канча маанилүү нерселер бар жана алгач аларды ойлонушу зарыл.


Биринчиден, эрте менен ойгоно алышы чоң бир укмуш. Эс-учун толугу менен жоготконуна карабастан, эрте менен мурдакы эси-акылы жана кишилиги (өздүк маалыматтары) менен кайра кайткан болот. Жүрөгү согуп атат, дем алып жатат, сүйлөй алууда жана көрө алууда. Кечинде уктаганда болсо бул нематтардын (жакшылыктардын) кайра берилүү гарантиясы жок эле. Ошондой эле, түнү бойу башына эч кандай кырсык келген жок. Мисалы, ал жашаган үйдө бир коңшусунун эсерлиги газ чыгышына себеп болушу мүмкүн жана түнкүсүн чоң бир жарылуу менен ойгонушу мүмкүн эле. Ал жашаган жер чоң бир кырсыкка кабылып, балким бул жашоосу түгөнмөк.
Денесинде башка проблемалар болушу мүмкүн, мисалы бөйрөк оору, баш оору менен ойгонушу мүмкүн эле. Бирок булардын эч бири болгон жок жана ден-соолукта ойгонду. Бардык бул нерселерди ойлонгондо, Аллахтын ага берген бул көп мээримдүүлүк жана коргоосу үчүн Ага шүгүр келтирет (терең ыраазычылык билдирет).
Жаңы бир күндү ден-соолукта баштоосу адамдын акырети үчүн көбүрөөк пайда (сооп) топтоосу үчүн Аллахтын ага бир мүмкүнчүлүк катары дагы бир жолу бериши дегенди билдирет.
Андай болсо эң жакшы нерсе – күндү Аллахты ыраазы кылуу үчүн өткөрүү болмокчу. Адам баарынан мурда мунун планын курушу, мээсин ээлеген ойлор ушулар болушу керек. Аллахты ыраазы кылуунун жолу болсо бул жөнүндө Аллахтан жардам суроо болот. Аз. Сулаймандын ыкластуу дубасы бул багытта момундарга мисал боло алат:

... Раббим, мага, апа жана атама берген нематыңа (жакшылыгыңа) шүгүр кылууну жана (Сен) ыраазы боло турган бир амалды (иш-аракет) кылуумду илхам кыл жана мени мээримиң менен салих кулдарың арасына кош. (Немл Сүрөсү, 19)


Адамдын алсыздыгы ойго салган нерселер

Адам эрте менен төшөктөн турар-турбас алсыз бир жандык экендигин байкап, ойлонуп баштайт. Ар бир таңда сөзсүз жүзүн чайкашы, тиштерин жуушу зарыл. Буларды көргөн адам башка алсыздыктарын да ойлонуп баштайт. Мисалы, ар күнү жуунууга мажбур болушу, ипичке терисинин астынын жаман көрүнүшү, денесинин инфекцияга абдан ачык болушу, уйкусуздук, ачтык жана суусуздукка чыдай албашы сыяктуу нерселердин баары алсыздыгынын көрсөткүчү.
Эрте менен күзгүнү караган бир адамдын эгер жашы улгайган болсо акылына башка ойлор да келет. Жашоосунун орточо биринчи 20 жылынан кийин алгачкы картайуу белгилери келе баштаган болот. 30дарга келгенде көз асты, ооз тегеректери тырышып баштайт, терисинин эски тирүүлүгү калбаган болот, денесинин чоң бөлүгүндө деформация байкалып баштайт. Жашы өткөн сайын чачтары агарат, ал тургай колдору да картайат.
Буларды ойлонгон бир адам үчүн улгайуу - дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин көрсөткөн, адамдын дүйнөгө ач көздүк менен байлануусуна тоскоол болгон эң таасирдүү окуялардын бири. Улгайып баштаган адам эми дүйнө жашоосунда түгөнүүнү көздөй багытталган бир саноо башталганын түшүнөт. Чындыгында улгайган жана түгөнүүнү көздөй саноо жасалган нерсе – бул адамдын денеси. Дене күн өткөн сайын чирийт, бирок адамдын рухунда бир улгайуу болбойт. Адамдардын көбү жаш кезинде сулуу же сулуу эмес болуунун күчтүү таасири астында калышат. 
Ылай, кара топурактан чыккан бир розанын жыты
таптаза болот.
Көбүнчө сулуу адам бой көтөрөт, сулуу эмес болсо басынып, бактысыз болот. Улгайуу болсо – дененин сулуулугунун жана сулуу эместигинин кандай бат өтүп кетээрин, Аллах кабатында жалгыз өтүмдүү болгон нерсе жана адамдын жалгыз утугунун Аллахка болгон баш ийүүчүлүгү менен көрсөткөн сонун ахлагы экендигин көрсөтүүчү маанилүү бир сабак.
Адам бул алсыздыктары менен жолугушкан сайын ар түрдүү кемчиликтен аруу болгон, жалгыз аруу-бийик заттын Аллах экендигин ойлойт жана Аллахты улуулап мактайт. Аллах адам ээ болгон ар бир алсыздыкты бир хикмат (терең акыл) менен жараткан. Адамдардын дүйнө жашоосуна байланбашы, дүйнө жашоосунда ээ болгон нерселери менен көөп кетпеши – бул хикматтардын кээ бирлери. Буларды ойлонуп түшүнө алган адам акыретте Аллахтын аны бардык бул кемчиликтерсиз жаратуусун каалайт.
Ээ болгон алсыздыктар абдан маанилүү бир ойду да эсине салат: Кара топурактан чыккан бир гүл таптаза, сонун жыттуу болсо, адам өзүн-өзү карабай койгон учурда денесинде пайда болгон жыттын чыдатпас болушу - өзгөчө бой көтөргөн жана өзүн сүйгөн адамдардын терең ойлонушу керек болгон бир абал.

Аллах силерди бир алсыздыктан жаратты, кийин (бул) алсыздыктын артынан бир кубат кылды, кийин бул кубаттын артынан да бир алсыздык жана карылык берди. (Ал) Каалаганын жаратат. Ал – билүүчү, кудуреттүү. (Рум Сүрөсү, 54)



Адамдын денесиндеги кээ бир өзгөчөлүктөр ойго салган нерселер

Адам эрте менен күзгүгө карап турганда акылына эч ойлобогон нерселер келиши мүмкүн. Мисалы адамдын кирпиктери, каштары, сөөктөрү, тиштери белгилүү бир узундукка жеткенде өспөй калат. Бирок чачтарынын өсүшү токтобойт. Башкача айтканда, өсүшү зыяндуу боло турган, жаман бир көрүнүш жарата турган бөлүктөр өсүүсүн токтоткон болсо, өсүшү сулуулук жагынан кооз боло турган чачтар өсүүсүн улантат. Муну менен бирге сөөктөрүнүн өсүшүндө да толугу менен дал келүүчүлүк жана пропорция бар. Мисалы, адамдын кол сөөктөрү көбүрөөк өсүп, үстүңкү денеси кыска калып калбайт. Ар бири канчалык өсүшү керек экендигин билген сыяктуу убактысында токтойт.
Албетте бул жерде саналгандар денеде пайда болгон көптөгөн физикалык себептердин натыйжасында болот. Бирок ойлонгон адамдын акылына мындай ой да келет: Бул химиялык реакциялардын ишке ашышы кантип болууда? Керектүү бардык нерсенин зарыл болгон деңгээлде өсүшүн камсыз кылган гормондор, энзимдер дененин ичине ким тарабынан жайгаштырылган? Жана ким булардын санын, бөлүнүү убакыттарын көзөмөлдөөдө?
Шек жок, бардык бул нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болду деп айтуу эч мүмкүн эмес. Адамды түзгөн клеткалар, клеткаларды түзгөн акылсыз атомдордун мындай чечимдер кабыл алышы эч мүмкүн эмес. Булардын ар биринин адамды эң көркөм келбетте жараткан Аллахтын чеберчилиги экендиги даана байкалат.

Жолдо кетип баратканда

Адамдардын көбү эрте менен туруп, даярдангандан кийин жумушуна, мектеп-университетке же сырттагы бир иштерин бүтүрүү үчүн жолго чыгышат. Бир момун үчүн мындай жол жүрүү – Аллах ыраазы боло турган жакшы иштер кылуунун бир башталгычы. Адам үйүнөн тышка чыгаары менен алдынан ойлонушу керек болгон көптөгөн нерселер чыгат. Айланада чоң-кичине миңдеген адамдар, машиналар, дарактар, саноого мүмкүн эмес болгон көп детальдар бар. Бул жерде бир момундун көз-карашы абдан даана. Ал көргөн нерселерден мүмкүн болушунча пайда алууга аракет кылат. Окуялардын артындагы себептерди ойлонот. Себеби маңдайында көргөн көрүнүш Аллахтын илими ичинде жана Анын каалоосу менен жаралган. Андай болсо сөзсүз бир себеби бар. Аллах аны тышка чыгарып, маңдайына мындай көрүнүштөр көрсөткөнүнө караганда, буларда көрүшү жана ой жүгүртүшү керек болгон нерселер бар. Эрте менен тургандан бери ага дүйнөдө сооп топтой алышы үчүн дагы бир күн бергендиги үчүн Аллахка шүгүр келтирген болот. Жана эми болсо бул соопторду топтоонун бир жолоочулугуна чыккан болот. Муну акылында кармаган адам Аллахтын «Күндүздү бир ырыскы топтоо убактысы кылдык» (Небе Сүрөсү, 11) аятын ойлойт. Бул аят негизинде күнүн башка адамдарга пайдалуу боло турган, Аллах ыраазы боло турган иштер кылуу менен өткөрүүнүн планын курат.
Акылында бул пландар менен машинасына же башка бир унаага жеткенде кайрадан Раббибизге шүгүр келтирет. Себеби бара турган жери канчалык алыс болбосун, ал жерге жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Аллах жеңилдик катары адамдарга көптөгөн унаалар жараткан. Өзгөчө бүгүнкү күндө өнүккөн технология менен бул мүмкүнчүлүктөр абдан көбөйдү: машиналар, поезддер, учактар, кемелер, вертолеттор, автобустар... .
Буларды ойлонгон адамдын акылына абдан маанилүү дагы бир нерсе келет: Технологияны да адамдардын кызматына Аллах сунууда.
Илимпоздор күн сайын жаңы ачылыштар жасоодо, жашообузга жеңилдик берүүчү жаңылыктар табышууда. Жана булардын баарын Аллах дүйнөдө жараткан мүмкүнчүлүктөр менен ишке ашырышууда. Ой жүгүрткөн адам буларды анын кызматына мойун сундургандыгы үчүн Раббибизге шүгүр кылып, жолун улантат.
Бул ойлор менен бара турган жерине кетип баратып, көчөлөр арасында көргөн бир таштанды, жаман жыт, караңгылык, тар жерлер да адамдын акылына ар кандай нерселерди салат.
Аллах дүйнөдө бейишти да, тозокту да кыялыбызда элестете ала турган же салыштыруу менен кандай болоорун болжолдой ала турган негизде жерлер жана көрүнүштөр жараткан. Таштанды толо, жаман жыттар, тар жана караңгы жерлер адамдын рухуна чоң бир сыгылуу алып келет. Адам мындай чөйрөдө эч качан тургусу келбейт. Булардын баары тозокту элестеткен өзгөчөлүктөр жана бул көрүнүштөргө жолуккан адамдын акылына тозок аяттары келет. Аллах Куранда тозоктогу жаман көрүнүштөрдү, караңгылыкты, кирди көптөгөн аяттар аркылуу кабар берген:

«Асхаб-ы Шимал», кандай (бактысыз ал) «Асхаб-ы Шимал.» Клеткаларга таасир берген кууруучу ысыктык жана кайнак суу, жана капкара түтүндөн бир көлөкө ичинде. Ал салкын да эмес, эс алдыруучу да эмес. (Вакыа Сүрөсү, 41-44)

Колдору мойундарына байлануу, тар бир жерге ташталганда, ал жерде жок болушту каалап-чакырышат. Бүгүн бир жок болушту чакырбагыла, көп (жолу) жок болууну каалап-чакыргыла. (Фуркан Сүрөсү, 13-14)

Курандын бул аяттарын эстеген адам ошол замат Аллахка аны тозок азабынан сакташы үчүн дуба кылат, кылган каталары үчүн кечирүүсүн тилейт.
Мындай ой жүгүртпөгөн адам болсо күнүн сүйлөнүү менен, ар бир окуяда бир күнөөкөр издөө менен өткөрөт. Таштанды таштагандар жана аны топтоодон кеч калган тиешелүү кызматкерлер ойун ээлейт, кызматта чоңунун ага жок жерден жаман мамиле жасашы жана ушул сыяктуу көптөгөн нерселер күн бойу акылын ээлейт. Мындай бош ойлордун болсо ал үчүн акыретте эч кандай пайдасы жок. Балким адам «Бир топ жумушту таштап салсамбы?» деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында көп адамдар өзүн ойлонуудан тоскон нерсе катары дүйнө жашоосунда жасаган күрөштү айтат. Тамак-аш, үй-жай жана ден-соолук сыяктуу проблемалар себебинен ойлонууга мүмкүнчүлүк жок деп айтат. Чындыгында бул качуунун бир жолу гана. Адамдын милдеттери жана ичинде турган абалы менен ой жүгүртүшү арасында эч кандай байланыш жок. Себеби Аллахтын ыраазычылыгы үчүн ой жүгүртүүгө аракет жасаган адам жанында Аллахтын жардамын табат. Ал үчүн проблема деп ойлогон көптөгөн нерселер биринин артынан бири чечилип жатканын жана күн сайын улам көбүрөөк ойлонууга убакыт бөлө алып жатканын көрөт. Бул момундар гана башынан өткөрүп түшүнө турган бир нерсе.



Түркүн түстүү бир дүйнө ойго салган нерселер

Жолун улаган адам чөйрөсүндө көз ирмем сайын Аллахтын аяттарын, жаратылуу укмуштарын көрүүгө, булар жөнүндө ойлонуп, Раббибиздин улуулугун түшүнүүгө аракет кылат. Машинанын терезесинен сыртка караганда түркүн түстүү бир дүйнөнү көрөт. Бул жөнүндө минтип ойлонот: «Дүйнө мындай түркүн түстүү болбогондо, бүт нерселер кандай болот эле?»
Мисалы, сүрөттөрдү карап, сиз да ойлонуп көрүңүз. Эч кандай түсү болбогон бир деңиз же бир тоо көрүнүшүнөн же бир гүлдөн азыр ырахат алган сыяктуу ырахат ала алат белек? Асман, мөмөлөр, көпөлөктөр, кийимдер, адамдардын жүзүнүн көрүнүштөрү азыркы сыяктуу ырахат берет беле? Түркүн түстүү, абдан кооз бир дүйнөдө жашап жатышыбыз бизге Раббибиз берген бир жакшылык. Табиятта биз көргөн ар бир түс, жандыктардагы түстөрдүн бири-бири менен болгон кемчиликсиз дал келүүлөрү Аллахтын теңдешсиз чеберчилигинин жана окшошу жок жаратуусунун далилдери.
Мисалы, бир гүл же бир чымчык ээ болгон түстөр жана бул түстөрдүн бири-бирине дал келиши же түстөрдүн бири-бирине жумшак өтүшү, табияттагы эч бир түстүн көзүбүздү тынчсыздандырбашы, мисалы деңиздер, асман, дарактардын түстөрүнүн бизге ырахат бере турган, көзүбүздү чарчатпай турган тондордо болушу Аллахтын жаратышынын кемчиликсиздигин көрсөтөт. Бардык бул нерселерди ойлонгон бир адам айланасында көргөн бардык нерселердин Аллахтын чексиз илими жана кудуретинин бир чыгармасы экендигин түшүнөт. Аллах бизге берген бардык бул нематтарды көрүү менен «ичи титирөө менен» Аллахтан коркуп сактанат жана нашүгүрлүк кылган бир адам болуудан Аллахка корголонот. Аллах Куранда түстөрдүн бар болушун эстетүү менен, жалаң гана илимдүүлөрдүн, башкача айтканда, ойлонуп изилдеген жана булардан жыйынтык чыгарган адамдардын Аллахтан коркоорун мындайча билдирет:

Аллахтын асмандан суу түшүргөнүн көрбөдүңбү? Ушундайча Биз аны менен түркүн түстүү мөмөлөр чыгардык. Тоолордон ак, кызыл түстөрдө ар түрдүү жана кара жолдор (кылдык). Адамдардан, жаныбарлардан жана майда мүйүздүү жандыктардан (кой-эчки сыяктуу) да ар кандай түстөгүлөрү бар. Кулдары арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Шек жок, Аллах – улук жана күчтүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 27-28)


Жолдо көрүнгөн бир жаназа машинасы ойго салган нерселер

Бир жерлерге жетүүгө аракет кылган адамдын маңдайына капысынан жаназа машинасы чыгышы мүмкүн. Бул чындыгында адамды өзүнө келтире турган абдан маанилүү бир мүмкүнчүлүк. Алдынан чыккан бул көрүнүш ага өлүмдү эстетет. Бир күн өзү да ал машинанын ичинде болот. Мындан эч кандай шек жок, канча качса да өлүм эртеби-кечпи аны табат. Балким төшөгүндө, балким жолдо, балким бир эс алууда бир жерде бул дүйнөдөн сөзсүз кетет. Себеби өлүм – качып кутулбай турган бир чындык.
Мындай окуяда момундун акылына Аллахтын төмөнкү аяттары келет:

Ар бир нефс (напси) өлүмдү татуучу; кийин Бизге кайтасыңар. Ыйман кылып салих амал кылгандар; аларды ичинде түбөлүк калуучулар кылып, астынан дарыялар аккан бейиштин бийик сарайларына сөзсүз жайгаштырабыз. (Салих) Амалдарды кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. Алар – сабыр кылгандар жана Раббилерине тобокел кылгандар. (Анкебут Сүрөсү, 57-59)

Адамдын өзүнүн денесинин да аягында бир күн кепинге оролуп, үстү жакындары тарабынан топурак менен жабылаарын, бир мазар ташына аты жана фамилиясынын жазылаарын ойлонушу анын дүйнөгө болгон байлануусун жок кылат. Муну абдан чын жүрөктөн жана чындыкты ойлонгон адам бир күн топурактын астында кала турган денеге ээ чыгуунун канчалык маанисиз экендигин байкайт.
Аллах Анкебут Сүрөсүндөгү аяттарда сабыр кылгандар жана тобокелдүү болгондорго өлүмүнөн кийин бейишти сүйүнчүлөгөн. Ошондуктан, бир күн өлөөрүн ойлонгон момун бейишке кире алуу үчүн Аллах буйрук кылган сонун ахлакты жашоого аракет кылат. Өлүмдүн жакын экендигин ойлонгон сайын бул багытынын тууралыгы бекемделет жана жашоосу бойунча барган сайын жакшырган бир ахлакка ээ болгонго аракет кылат.
Дайыма башка ойлорду ойлонуп, бош элестетүүлөр менен жашоосун өткөргөндөр болсо жаназа машинасына жолукмак тургай, ар күнү мазардын жанынан өтсө да, ал тургай жанында абдан маани берген бир жакыны өлсө да, өлүмдүн бир күн өз башына да келээрин ойлонуп койушпайт.


Күн бойу

Момун күн бойу жолуккан окуяларда дайыма Аллахтын аяттарын ойлонот, окуялардагы сырларды түшүнүүгө аракет жасайт.
Жакшылык же жамандыкка жолукканда дайыма Аллах ыраазы боло турган сонун ахлак менен аракет кылат. Ыйман келтирген бир адам үчүн ал турган чөйрөнүн мааниси жок; мектепте, жумушта же базарда болсун дайыма Аллахтын бардык нерсени жараткандыгын ойлонуу менен, Ал жараткан сулуулуктарды, окуялардагы хикматтарды көрүүгө аракет кылат, Раббибиздин аяттарына ылайык жашоо өткөрөт. Ыймандуулардын мындай аракети аяттарда мындайча кабар берилет:

(Алар ушундай) Адамдар, соода да, базарлык да аларды Аллахты эстөөдөн, туптуура намаз кылуудан жана зекетти берүүдөн «каалоого алдантып, тосо албайт»; алар жүрөктөр жана көздөр аңтарыла (абдан) корко турган күндөн коркушат. Себеби, Аллах (алар) жасагандарына эң сонун менен жооп берет жана аларга Өз берешендигинен көбөйтүп берет. Аллах каалаганына эсепсиз ырыскы берет. (Нур Сүрөсү, 37-38)

Жасап жаткан иште кыйынчылыктар эске салган нерселер

Адам эртеден кечке ар кандай кыйынчылыктарга жолугушу мүмкүн. Бирок ал жолуккан кыйынчылык кандай болбосун, Аллахка тобокел кылуусу жана төмөнкүлөрдү ойлонушу зарыл: «Аллах бизди бул дүйнө жашообузда ар бир кылган ишибиз менен жана ар бир ойлонгон ойубуз менен сынап жатат. Бул бир секунд да акылыбыздан чыгарбышыбыз керек болгон абдан маанилүү бир чындык. Андай болсо кылган ар бир ишибизде бир кыйынчылыкка жолукканыбызда же иштер оңунан чыкпай жатат деп ойлонгонубузда, бул окуялардын баарынан биздин ага карата мамилебизди сыноо үчүн жаратылып жаткандыгын эч унутпашыбыз керек.»
Адамдын акылынан өткөн бул ойлор – күнүмдүк жашоодо болуп жаткан чоң же кичи бардык окуяларга тиешелүү. Мисалы, жумушунда бир туура эмес түшүнүү же бирөөнүн катасы себебинен туура эмес бир жерге төлөө жасалып калышы мүмкүн, сааттардан бери компьютерде жазылып жаткан бир документ ток өчүү себебинен жоголуп кетиши мүмкүн, бир студент абдан көп аракет кылганына карабастан, университетке өтпөй калышы мүмкүн, бир жумушту бүтүрүүдө бюрократиялык жумуштар көп болгондуктан, бир адам эртеден кечке кезекте туруп калышы мүмкүн, улам бир документте кемчиликтер чыга бериши жана ушул себептен жумушу бүтпөй калышы мүмкүн, бир адам шашылыш бир жерге жетиши керек болгон учурда учак же автобустан кеч калышы мүмкүн... Ар адам жашоосунда жолукчу жана кыйынчылык, «тескерилик» деп ойлогон ушул сыяктуу сансыз окуялар бар.
Бирок, бул окуялардын ар биринде ыймандуу бир адам ошол замат Аллах менин мамилемди жана сабырымды сынап жатат, өлө турган жана акыретте эсеп бере турган бир адам бул окуяларга сүңгүп, аларга кайгырып убакыт жоготуунун туура эмес экендигин ойлойт. Бардык бул окуялар артында бир жакшылык бар экендигин билет. Эч кайсы окуя үчүн «Аттиң!» деп айтпайт. Аллахка жумуштарын жеңилдетиши үчүн чын жүрөктөн дуба кылат.
Жана бул кыйынчылыктын артынан жеңилдик келгенде, мунун Аллахка кылган дубасынын бир жообу экендигин, Аллахтын дубаларды угуучу жана аларга жооп берүүчү экендигин ойлойт жана Аллахка шүгүр келтирет.
Буларды ойлонуу менен күнүн өткөрүп жаткан адам кандай окуяга кабылса да, эч качан үмүтсүздүккө түшпөйт, тынчсызданбайт, коркуп-кайгырбайт, чарасыз абалда калбайт. Аллахтын бардык нерселерди, окуяларды бир жакшылык жана сулуулук менен жараткандыгын билет. Ошондой эле, мунун жалаң гана башына келген чоң окуяларда эмес, бираз мурда сөз кылынгандай, күнүмдүк жашоосунда кичине-чоң дебей, жолуккан ар бир окуяда ойлонот.
Мисалы, пландаган маанилүү бир иш, ал каалагандай болбогон, ийгиликтүү аяктаарда акыркы мөөнөттө бир проблемага жолуккан бир адамды элестетиңиз. Бул адам ошол замат ачууланат, кайгырат, стресс болот, кыскача айтканда, ар кандай тескери сезимдерге кабылат. Ал эми ар бир нерседе бир жакшылык бар экендигин ойлогон бир адам Аллах бул окуялар менен ага көрсөткөн хикматтарды ой жүгүртүп, табууга аракет кылат. Мындай жол менен Аллахтын бул багытта көбүрөөк, жакшы чара көрүшү керек экендигине көңүл бурган болушу мүмкүн деп ойлойт. Техникалык керектүү бардык чараларды көрөт жана «балким ушундайча маанилүү зыяндарга кабылуунун алды алынды» деп ойлоп Аллахка шүгүр келтирет.
Бир жерге кетип баратып, түшө турган автобустан калып калса, «балким кечигишим же бул автобуска түшпөй калышым мени бир кырсыктан же башка бир жамандыктан сактагандыр» деп ойлошу мүмкүн. Булар жалаң гана бир канча мисал. «Балким башка да ушул сыяктуу хикматтары бардыр» деп да ойлошу мүмкүн. Бул мисалдардан адам жашоосунда абдан көп берүүгө болот. Бирок эң маанилүүсү бул: Адам түзгөн план ар дайым ал каалагандай натыйжа бербеши мүмкүн. Адам пландагандан такыр башка натыйжага кабылышы мүмкүн. Мындай учурда тобокелдүү адам, жолуккан окуяда жакшылык, хикмат издеген адам утат. Себеби, Аллах аятында адамдарга мындай билдирет:

Көңүлүңөргө жакпаган бир нерсе – силер үчүн бир жакшылык болушу мүмкүн жана силер жактырган бир нерсе – силер үчүн бир жамандык болушу мүмкүн. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)

Аллах аятында да билдиргендей, биз биле албайбыз, бирок Аллах билет. Ошондуктан, биз үчүн эмне жакшылык, эмне жамандык экендигин билген – Аллах. Адамдын кылышы керек болгон нерсе – чексиз мээримдүү жана коргоочу Аллахты дос тутуу жана Аллахка толук бир мойун сунуу менен баш ийүү.

Бир жумуш жасап жатканда, ойго келген нерселер

Бир адам бир жумуш жасап атканда, акылынын бош калбашы жана дайыма жакшылык жөнүндө ойлонушу абдан маанилүү. Себеби адам бир эле убакта бир канча жумуш жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы, машина айдап бараткан, үй тазалап аткан, спорт менен алектенип жаткан, жолдо бараткан ар бир адам ошол эле учурда жакшы, сооптуу бир нерселер ойлоно алат.
Тазалык кылып жаткан бир адам Аллахтын ага суу, порошок сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү бергендиги үчүн шүгүр кылат. Аллахтын тазалыкты жана таза адамдарды сүйгөндүгүн билгендиктен, кылган ишин бир ибадат катары көрөт жана Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнү үмүт кылат. Ошондой эле, бир жерди тазалоо менен башка адамдар үчүн ырахат берүүчү бир шарт түзүүдөн ырахат алат.
Же кандайдыр бир жумуш кылып жаткан бир адам тынымсыз Аллахка дуба кылат, кылып жаткан ишин жеңилдетүүсүн Раббибизден сурайт, Аллах кааламайынча, эч кайсы иште ийгиликке жете албасын ойлонот. Куранда бизге өрнөк көрсөтүлгөн пайгамбарлардын дайыма ичинен Аллахка багытталгандыгын, бир жумуш кылууда дайыма Аллахты ойлогондорун көрөбүз. Бул куттуу адамдардын бири – Аз. Муса. Аз. Муса жолдо баратып жолуккан аялдардын малдарына суу ичирүүлөрүнө жардамчы болгондон кийин Аллахтан жардам сураган. Бул окуя аяттарда мындайча кабардалат:

Мадйан суусуна барганда, суу алып жаткан бир топ адамдарды көрдү. Алардын артында (жаныбарларын сууга алып баруудан тартынган) эки аял көрдү. (Ал) Айтты: «Бул кандай абал?» «Чабандар малдарын сугармайынча, биз сугара албайбыз; атабыз жашы улгайган бир киши.» дешти. Ошол замат алардын малдарын сугарып берди, андан соң көлөкөгө барып айтты: «Раббим, чындыгында мага берчү ар кандай жакшылыгыңа муктажмын.» (Касас Сүрөсү, 23-24)

Курандагы башка бир мисал Аз. Ибрахим жана Аз. Исмаил. Аллах бул пайгамбарлардын чогуу жумуш жасап жатып, башка ыйман келтиргендер үчүн жакшылыктарды ойлонгондугун жана Ага кайрылып дуба кылгандарын кабар берет. Аяттарда мындай баяндалат:

Ибрахим, Исмаил менен бирге Үйдүн (Каабанын) дубалдарын көтөргөндө (экөөсү мындай дуба кылышты): «Раббибиз бизден (муну) кабыл кыл. Шек жок, Сен угуучу жана Билүүчүсүң. Раббибиз, экөөбүздү Сага баш ийген (Мусулмандар) кыл жана урпагыбыздан Сага баш ийген (Мусулман) бир үммөт (бер). Бизге ибадат жолдорун (жер жана эрежелерин) көрсөт жана тообобузду кабыл кыл. Шек жок, Сен – тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочусуң. Раббибиз, араларынан аларга бир элчи жөнөт, аларга аяттарын окусун, китепти жана хикматты үйрөтсүн жана аларды (күнөөлөрдөн) тазаласын (кайтарсын). Шек жок, Сен күчтүү жана үстөмдүк ээсисиң, өкүм жана хикмет ээсисиң. (Бакара Сүрөсү, 127-129)


Бир жөргөмүш тору ойго салган нерселер

Күнүн үйдө өткөргөн бир адам да ойлоно турган көп нерселер бар. Мисалы, үй тазалап жатып, үйдүн бир бурчуна тор салган бир жөргөмүш көрүшү мүмкүн. Эгер адатта эч ким маани бербеген бул жандык жөнүндө ой жүгүртүү керек экендигин байкаса, өзүнө жаңы ой эшиктерин ачканын көрөт. Себеби ал көргөн кичинекей жандык – чеберчилик менен жаратылган бир укмуш. Бул жөргөмүш өргөн тордо укмуш симметрия бар. Мындай таң калыштуу кемчиликсиз торду бир жөргөмүш кантип жасады деп кызыгып, бираз изилдегенде башка чындыктарды байкайт: Жөргөмүш колдонгон жип, дал ошондой калыңдыктагы каучуктан 30% ийкемдүүрөөк. Жөргөмүш өндүргөн бул жип жогорку өзгөчөлүккө ээ болгондуктан, адамдар тарабынан өндүрүлгөн ок өткөрбөс кийим жасалышында мисал алынууда. Башкача айтканда, көп адамдар жөнөкөй кабыл алган жөргөмүш тору – чындыгында дүйнөдөгү эң идеалдуу өнөр-жай товарларындай жогорку сапаттагы бир зат.
Чөйрөсүндөгү жандууларда кемчиликсиз жаратылуу укмуштарына күбө болгон бул адам ойлонгон сайын мындан да таң калыштуу чындыктарды байкайт. Тынбай көргөнүнө карабастан, эч маани бербеген, ал тургай ачууланып өлтүргүсү келген бир чымынды анализдеп көргөндө, анын абдан тыкан жана толук тазалык түшүнүгү бар экендигин көрөт. Чымын улам улам ар жерге конуу менен колдорун жана буттарын өз-өзүнчө тазалайт. Андан кийин канаттарын, жүзүнө жуккан чаңдарды колдору жана буттары менен бир-бирден тазалайт. Тазалыгына ишенгенге чейин бул иш-аракеттерин улантат. Башка бардык чымын-чиркей жана курт-кумурска түрлөрү да ушул сыяктуу тыкандык, аярдык менен тазаланышат. Бул тазаланууну аларга жалгыз Жаратуучу үйрөткөндүгүн көрсөтөт.
Ошол эле чымын учканда, канатын секундасына 500 жолу кагат. Мындай ылдамдыкка адам жасаган эч кайсы машина чыдай албайт, сүртүнүүдөн талкаланып, күйүп кетет. Бирок чымындын канаттарына да, башка жерине да эч кандай зыян келбейт. Шамалдын күчүн жана багытын да эсептөө менен каалаган багытына адашпастан уча алат. Адамзат азыр ээ болгон технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен да мындай жогорку өзгөчөлүктөр жана учуу техникаларына ээ бир машина өндүрүүдөн алыс. Бирок «бул чымын да» деп маани бербеген бир жандык адам жасай албаган чоң бир жумушту жасап жатат. Албетте муну чымын өз таланты жана акылы менен кылып жатат деп айтуу мүмкүн эмес. Чымындагы мындай жогорку өзгөчөлүктөр Аллах ага берген мүмкүнчүлүктөр.
Адам айланасына караганда, ал караган ар бир жерде көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн жандыктар бар. Дүйнөдө жандыктар жок болгон бир см2 жер жок. Адамдар, өсүмдүктөр, жаныбарлар көзгө көрүнгөн жандыктар, бирок булардан сырткары көзгө көрүнбөгөн, бирок бар экени билинген жандыктар бар. Мисалы, жашаган үйдүн бардык жери микроскопиялык жандыктарга толо. Ошол сыяктуу дем алган абада сансыз вирус жүрөт же бакчадагы топуракта эч элестете албаган көп санда бактерия жашап жатат.
Дүйнөдөгү таң калаарлык көп жандыктарды ойлогон адамдын акылына бул жандыктардагы кемчиликсиз системалар да келет. Көрүнгөн жандыктардын баары Аллахтын бар экендигинин апачык бир далили, бирок ушул сыяктуу эле микроскопиялык жандыктарда да чоң укмуштар бар. Көзгө көрүнбөгөн бир вирустун, бактериянын же микроскопиялык жандыктардын өзүнө тиешелүү дене механизмдери бар. Ар биринин жашаган чөйрөсү, тамактануу ыкмасы жана коргонуу системаларын Аллах жараткан. Буларды ойлонгон адамдын акылына Аллахтын аяттары келет. Бир аятта мындай буйурулат:

Өзүнүн ырыскысын көтөрүп жүрө (топтой) албаган канчалаган жандыктар бар, аларга жана силерге Аллах ырыскы берет. Ал – угуучу, билүүчү. (Анкебут Сүрөсү, 60)


Оорулар ойго салган нерселер

Көзгө көрүнбөгөн бир вирус чоң адам денесин төшөккө
кулата алат.
Адам – көптөгөн кемчилик, алсыздыктары бар жана бул кемчиликтерден кутулуу үчүн тынымсыз аракет кылышы керек болгон бир жандык. Оорулар адамдардын алсыз экендигин абдан ачык көргөзөт. Адам, ушул себептен, өзү же бир таанышы ооруганда, сөзсүз мунун хикматтары жөнүндө ой жүгүртүүсү зарыл. Ой жүгүрткөндө, эң жөнөкөй көрүнгөн бир грипптин да адамдар сабак ала алчу өзгөчөлүгүн байкайт. Мындай ооруга жолукканда төмөнкүлөрдү ойлойт: биринчиден, гриппке себеп болгон нерсе – көз менен да көрүнбөгөн кичинекей бир вирус. Бирок мынчалык кичинекей бир жандык 60-70 кг оордуктагы бир адамдын күч-кубатын жоготушуна, баса албай калышына, ал тургай сүйлөй албай калышына чейин алсыз кылып койот. Көбүнчө ичкен дарылар, жеген тамактар да пайда алып келбейт. Жалгыз кыла турган нерсе – төшөктө жатып күтүү. Денесинде өзү контролдой албай турган бир согуш жүрөт. Кичинекей бир жандыктын алдында адамдын колу-буту байлануу калат. Мындай учурда адамдын эң алгач акылына келе турган нерсе Аллахтын төмөнкү аяттары болушу керек:

Мени тамактандырган жана (мага) суу берген – Ал; Ооруганда, мага шыпаа берген – Ал; Мени өлтүрө турган, кийин тирилте турган да – Ал; Дин (жаза) күнү каталарымды кечирээрин үмүт кылганым да – Ал; Раббим, мага өкүм (жана хикмат күчү) бер жана мени салихтердин арасына кош. (Шуара Сүрөсү, 79-83)

Кандайдыр бир ооруга кабылган адам ден-соолукта жүргөн кезиндеги аракеттери менен ооруган кездеги аракеттерин салыштырып, экөөсү арасындагы айырманы ойлонушу керек. Ооруган кездеги жөнөкөй абалын, Аллахка муктаж экендигин кандайча сезгендигин, мисалы бир операцияга кирип жатып, Аллахка кандайча чын жүрөктөн жана күчтүү дуба кылганын эч унутпашы керек экендигин түшүнүшү зарыл.
Башка бирөөнүн ооруп жатканын көрөр замат өзүнүн ден-соолукта экенин ойлоп, Аллахка шүгүр келтириши керек. Мисалы, бир момун буту оорулуу бирөөнү көргөндө, бутунун өзү үчүн канчалык чоң жана маанилүү бир немат экенин ойлонот. Ар күнү эрте менен турары менен кыйналбастан, каалагандай баса алуунун, зарыл болгондо чуркай алуунун, эч кимге муктаж болбостон ар бир жумушун жеңил гана кыла алуунун Аллахтын берешендиги экенин түшүнөт. Ушинтип салыштыруу жасагандыктан, колундагы нематтардын баасын жакшыраак аңдап-түшүнөт.


Бой көтөргөн, урушчаак, жаман ахлактуу бирөө менен жолукканда эмнелер акылга келет?

Бир адам күндүз жумушунда же мектепте ар кандай адамга жолугушу мүмкүн. Албетте, бул адамдардын баары ал сыяктуу сонун ахлактуу, Аллахтан корккон адамдар болбошу мүмкүн. Мындай адамдарга жолуккан адам Аллах буйруган жогорку ахлак менен мамиле кылат, алардан такыр таасирленбейт. Алар ээ болгон жаман ахлактын себеби – алардын Аллах коркуусуна ээ эмес болушу жана акыретке ишенбестиктери экендигин билет. Жана акылына төмөнкүлөр келет: Аллах адамдарды тозок азабы менен коркутууда жана адамдардын түбөлүк азапты ойлонуу менен дүйнө жашоосундагы аракеттерин оңдоосу зарыл экендигин, чын көңүлдөн Аллахка кайрылышын жана динди ыклас менен жашоолорун каалоодо. Адам мындай чоң жана маанилүү азапка жолугаарын элестете алса, сөзсүз мындай азаптан кутулуу үчүн керектүү чараларды көрөт. Бирок бул эскертүүнү ойлонбогон жана ошол себептүү түшүнө албаган адамдар алар үчүн даяр турган от жана азап толо бир жер жок сыяктуу мамиле кылып жашашат.
Бул чындыктарды байкаган адамдын акылына абдан маанилүү башка нерселер келет. Бул адамдардын баары тозок отунун чекесинде турганда, мамилелери такыр башкача болот. Мисалы, бүгүн көөп, бой көтөрүү менен мамиле кылуудан сактанбаган бир адам эсеп күнү кармалып, жерлерде сүйрөлүү менен жана тынбай басмырлануу менен тозок чуңкурунун жанына алып келинсе, жүзүндөгү көз-караш, мамилеси, сүйлөө калыбы, колдонгон сөздөрү башкача болот.
Же урушчаак, адамдарга урмат көрсөтпөгөн, кылмыш кылууга даяр, эч кандай адамдык сыпаты калбаган бир адам ушул сыяктуу тозок отунун жээгине алып келинсе, тозок азабын көргөндүктөн, түбөлүк бир бушаймандыкка кабылат.
Дүйнө жашоосунда дин менен жашабоо, ибадаттарды аткарбоо үчүн ар кандай себептерди санаган бирөө тозок эшигинде күтүп турганда, ага намаз кыл деп айтылса, ушул эле себептерди айта албайт.
Мына, Аллахтан корккон адам бул чындыктарды акылынан чыгарбайт. Тозок отун ойлонот жана ушунун негизинде туура мамиле, туура сөз, сонун ахлактын эмне экендигин көрөт. Тозоктун бар экендигине так ишенгендиктен жана аны тынымсыз ойлонгондуктан, дайыма тозок оту жанында тургандай, жана ар бир кылганынан эсеп берээрин ойлонуу менен иш-аракет, мамиле кылат.
Аллах адамдарга тозокту жана эсеп күнүн ойлонууларын билдирген:

Ар бир нефс (адам) кылган жакшылыктарын (алдында) даяр (турганын) көргөн жана кандай жамандык кылса аны (жамандыгы) менен өзү арасында алыс бир аралык болушун каалаган ал күндү (ойлонгула). Аллах силерди Өзү менен эскертет. Аллах кулдарына карата мээримдүү. (Ал-и Имран Сүрөсү, 30)


Тамак жеп жатканда


Аллах жер бетин силер үчүн бир тегиздик, асмандарды бир там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң кооз (бир көрүнүш жана чеберчиликте) кылды жана силерге кооз-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Раббиси (Жаратуучусу) Аллах – кандай Улук. (Мүмин Сүрөсү, 64)

Аллах адамдарга дүйнөдө ар кандай түрдөгү, кооз, таза, жегендер жыргал даам сезген мөмө-чөмө, тамак-аш жана суусундуктар берген. Албетте, булардын баары Аллахтын чексиз берешендиги жана адамдарга болгон мээриминин бир көрүнүштөрү. Адамдар жалгыз бир түрдүү тамак жана ичимдик менен да балким жашоолорун уланта алышат, бирок Аллах адамдарга сансыз немат берген: мөмөлөр, жашылча-жемиштер, түрдүү түрдүү эттер...
Бул нематтардын баарынын Аллахтан экендигин билген момун болсо ар бир дасторконго отурган сайын булар жөнүндө ойлонот жана Раббибизге шүгүр кылат.


Тамак жеп жатканда, столго келген мөмөлөрдү көргөндө, эмнелер акылга келет?

Курандын көптөгөн аятында Аллахтын адамдарга түрдүү тамактар берүү менен жакшылыктар бергендиги айтылат. Тамак дасторконуна отурган бир адамдын алдына ушул нематтар койулган болот. Топурактан чыкка түрдүү- түрдүү чөптөр, жаныбарлардын эт, сүттөрү дасторконун көрктөндүрөт. Адам булардан ырахат ала турган негизде жаратылган. Ар бири бири-биринен даамдуу болгон бул тамактар ошол эле учурда адамдардын жашоосу үчүн да керек. Бир элестетип көрөлү, эгер жашообуз үчүн керек болгон тамактардын даамы болбогондо же даамдары абдан жаман болгондо, эмне кылмакпыз? Же абдан даамдуу болуп, бирок бизге зыян бере турган болгондо... Же жалаң гана бир канча түр тамак-аш, мөмө-чөмө болгондо жана адам буларды жашоо (ачкадан өлбөш) үчүн гана жеген болгондо? Дасторкондо көрүлгөн мынчалык көп, түрдүү жей турган нерселердин болушунун жалгыз себеби – Аллахтын сиздерге болгон берешендиги жана мээрими. Адам бир эле мөмө-чөмөлөрдү ойлонсо да, Аллахтын жакшылыктарын түшүнө алат.


Отурган тамак дасторконунда ар түрдүү мөмөлөрдү көргөн, акылдуу бир адам мындай ойлонот:
Капкара бир ылайдын ичинен түркүн-түстүү, ар кандай жыттагы, ичи таптаза болгон мөмөлөрдүн чыгышы, ар биринин даамынын абдан сонун болушу Аллах адамдарга берген чоң бир немат.
Банан, мандарин, апельсин, коон, дарбыз, кыскача айтканда, бардык мөмөлөр таңгак (упаковка) ичинде жаратылган. Баарынан кабыгы мөмөнү чирип калуудан, бузулуудан сактайт. Жыттары да таңгактын ичинде сакталат. Таңгактары ачылгандан кийин бираз убакыт өткөндөн кийин карарып, бузулуп баштайт.
Мөмөлөрдүн ар бири өз-өзүнчө изилденгенде, көптөгөн детальдар бар экендиги байкалат. Мисалы, апельсин жана мандарин атайын тилкелерге бөлүнгөн. Бүтүн болгондо андай суулуу бир мөмөнү жеш адам үчүн балким татаал болмок. Бирок Аллах буларды кичинекей тилкелер кылып, адамдарга жеңилдик жана бир кооздук тартуулаган. Шек жок, мөмөнүн ичиндеги мындай кемчиликсиз, муктаждыкка ылайык жана абдан тыкан чеберчилик бийик илим ээси Аллахтын жаратуу далилдеринен.
Мисалы, кулпунай – көрүнүшү жана даамы менен абдан өзгөчө бир мөмө. Кызыл жана кооз көрүнүшү менен жашыл жалбырактары – Аллахтын теңдешсиз чеберчилигинин бир чыгармасы. Даамы жана жытынын сонундугу, данексиз жана кабыксыз болушу себептүү аны жештин оор болбошу адамга бейиш мөмөлөрүн эске салат. Топурактын дээрлик ичинде бышкан бул мөмөнүн мынчалык сонун түс, жыт жана даамга ээ болушу аны мисалсыз жараткан, чеберчилигин, акылын жана илимин жараткан нерселерде көрсөткөн Раббибизди бизге таанытат.
Ар бир мезгилде ар кандай мөмөлөрдүн бышышы да ойлонушу керек нерселердин бири. Мисалы, кышында адамдар эң көп муктаж болгон кезде мандарин, апельсин жана грейфурт сыяктуу С витаминине бай мөмөлөрдүн болушу, жайында болсо адамдардын суусунун кандырып, салкындаткан гилас (черешня), коон, дарбыз, шабдалы сыяктуу мөмөлөрдүн чыгышы Аллахтын адамдарга берешендиги жана мээрими.
Мөмөлөрдүн дарак башында турушу же жерде өсүп турган көрүнүштөрү да Аллах тартуулаган сулуулуктар. Купкургак бир тактайдын үстүндө ичи суулуу, шагына бекем бекитилген жүздөгөн мөмө көрүнүшү – ар бирин Аллах жараткандыгынын далилдеринен. Мисалы, баш-баш жүзүмдөр бир-бирден асылган сыяктуу турушат. Аллах ар бирин мисалсыз жана теңдешсиз жараткан. Бутактарындагы көрүнүшү болсо адамдарга жага турган абалга келтирилген. Ушул себептен Аллах Куранда бейишти сүрөттөөдө «(Мөмөлөрдүн) Көлөкөлөрү аларга абдан жакын жана (үзүлүп) алынышы абдан жеңилдештирилген» (Инсан Сүрөсү, 14) аяты менен бейиш мөмөлөрүнүн бутактарынан үзүп алууга даяр тургандыгы билдирилүүдө.
Албетте, бул жерде саналгандар чектүү бир канча мисал гана. Аллах жараткан нематтар (жакшылыктар) санап бүтпөй турганчалык көп түрдүү. Тамак дасторконунда муну түшүнгөн адамдын акылына Аллахтын дагы бир аяты келет:

Жаратуучу – эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – берешен, коруучу. (Нахл Сүрөсү, 17-18)


Даам жана жыттар ойго салган нерселер

Адам минтип ойлорун уланткан сайын Аллах жараткан сулуулуктарды жана детальдарды көбүрөөк байкап баштайт. Ариеттүү бир адам бардык бул нерселерди ойлонуп жатып, ошол эле учурда Аллах тартуулаган бул нематтардан ырахат ала алуунун Раббибиздин чоң бир берешендиги экендигин ойлонот. Өзгөчө Аллахтын адамдарга берген даам жана жыт алуу сезимдеринин дүйнөдөгү көптөгөн сонун нерселерди сезүүбүзгө себеп болуп жатканын эстейт. Жана мындай ойлонот: Эгер жыт сезүү сезимибиз болбогондо, гүлдүн жытынан, жеген мөмөлөрдөн, шишкебектен азыркыдай ырахат ала алмак эмеспиз. Эгер даам сезүү сезимибиз болбогондо, шоколаддын, таттуулардын, эттин, кулпунайдын жана башка нематтардын теңдешсиз даамдарынын эч бирин сезип, байкай албайт элек.

Түссүз, даамсыз жана жытсыз бир дүйнөдө да жашап калышыбыз мүмкүн экендигин эч унутпаш керек. Жана Аллах буларды бизге немат катары бербеген болгондо, бул сонун нерселерди эч качан сезип, ырахат ала албайт элек. Бирок Аллах жыттарды да, даамдарды да жана аларды сезе ала турган сезүү органдарын да жаратуу менен адамга чексиз берешендиги жана мээриминен тартуулаган.